Азербайжандын эл өкүлдөрү ЕКПАнын Түркия тууралуу чечимине каршы чыгышты

Улуттук Парламенттин кезектеги отурумунда ЕКПАнын Түркия тууралуу чыгарган чечими каралды.

724462
Азербайжандын эл өкүлдөрү ЕКПАнын Түркия тууралуу чечимине каршы чыгышты

Азербайжандын эл өкүлдөрү, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Түркиянын кайрадан текшерүү процессине киргизилиши тууралуу чыгарган чечимине каршылык көрсөтүштү.

Улуттук Парламенттин кезектеги отурумунда ЕКПАнын Түркия тууралуу чыгарган чечими каралды.

Парламент төрагасы Октай Асадов, күн тартиптеги темаларга өтөөрдөн мурдагы сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын ЕКПАнын куруучуларынан бири болгонун эске салды. Асадов: «ЕКПАнын жайкы отурумунда Түркияга жаңылыштык кылынды. ЕКПАдагы өкүлүбүз ал жерде сөз сүйлөп бул адилетсиз чечимге каршылыгын билдирди»,-деди.

ЕКПАдагы Азербайжандын делегациясынын төрагасы Самет Сейидов, Түркия жана Азербайжанга каршы кош стандарт ишке ашырылганын, мунун ЕКПАнын жайкы отурумунда жогорку деңгээлге жеткенин айтты.

Европада исламофобия жана башка радикалдык агымдардын күчөгөнүн белгилеген Сейидов: «Түркияга каршы чыгарылган чечим, Европадагы исламофобия жана радикализмдин мисалы. Текшерүү процессине алып Түркияны Европадан бөлгүсү келип жатат»,-деп айтты.

Эл өкүлү Зейнеп Ханларова, ЕКПАнын Түркия тууралуу чечиминин Азербайжан калкын ыза кылганын белгилеп кетти.

Ханларова: «Бүгүн Түркияга жасалгандар эртеңки күнү бизге жасалат. Азербайжан калкы буга каршы чыгышы керек. Анткени эң татаал күнүбүздө бизге ар дайым колдоо көрсөткөн биринчи өлкө Түркия болду. Түркияны колдошубуз керек»,-деди.

Эл өкүлү Ганире Пашаева, ЕКПАнын Түркия тууралуу чечимин капа болуп укканын жана мусулман өлкөлөргө жасалган кош стандарттуулукту айыптаганын белгилеп кетти.

ЕКПАнын террор менен күрөшкөн Түркияга эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан Пашаева: «Азербайжан катары тууган өлкөбүз тууралуу кабыл алынган чечимди айыптайбыз. Бул адилетсиз чечимге жана кош стандарттуулукка ар бир платформада каршы чыгуубузду көрсөтүшүбүз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар