Анкарадагы кыргыздардын Курман айттагы иш-чарасы

Анкарадагы кыргыздар Курман айт майрамынын төртүнчү күнүндө Анкаранын Гөлбашы районунда чогулуп майрамдашты.

571426
Анкарадагы кыргыздардын Курман айттагы иш-чарасы
KURBANBAYRAMIKG1

Анкарадагы кыргыздар Курман айт майрамынын төртүнчү күнүндө Анкаранын Гөлбашы районундагы «Ататүрк» сейил багында чогулуп майрамдашты.

Майрамдык иш-чарага  Анкарадагы үй-бүлөлүү кыргыздар менен студенттер да келишип, бири-бирин куттукташып, жайкы эс алууда жүрүп сагынышып калгандар сагынычтарын жазышты. Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн кичинекей балдары оюн ойноочу жерде моокуму кангыча ойноп, студент эже агаларынын аларга болгон мээримине таянышып эркелеп алышты. Иш-чара жөнөкөй таризде өтүп топко жакын жаштар топ ойноп да жатышты...Үй-бөлөлүү кыргыздар иш-чаранын ортосунан уруксат алып үйлөрүнө кайтышты, ал эми студенттер сейил бактын жанындагы көлмөгө барып паромго түшүп, катамаран тээп көңүл ачуусун улантышты...

Эске сала кетсек көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө болгону сыяктуу Түркияда да Курман айт майрамы расмий түрдө 4 күн белгиленет. Курман айт дем алыш күндөрдүн ортосунда болуп калганда Өкмөт майрамдын алдындагы жана соңундагы күндөрдү кошуп, майрамды расмий 9 күн деп жарыялап койгон. Бул болсо өлкөнүн ички туризмин жандантат.



Тектеш кабарлар