Түркмөнстанда Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү
«Kyrgyzstan So much to discover» бренди менен туристтик көргөзмө-жармаңке өтүүдө.
512068
Кыргызстандын Түркмөнстандагы Күндөрүнүн алкагында Түркмөнстандын көркөм сүрөт искусство музейинде «Kyrgyzstan So much to discover» бренди менен туристтик көргөзмө-жармаңке өтүүдө. Бул тууралуу КРдын Маданият, малымат жана туризм министрлигинен билдирди.
Туризм департаментинин жооптуу адиси Индира Шадыканованын айтымында, көргөзмөнүн катышуучуларына кийиз буюмдары, туристтик продуктулар, маалыматтык брошюралар тартууланды.
Эскерте кетсек, 14-16-июнь күндөрү Түркмөнстанда Кыргызстандын Күндөрү өтүүдө.
"Кабар" маалымат агенттиги