КМШ өлкөлөрүнүн кеңеши Кыргызстанда өтөт

Коомдук тартип жана жол коопсуздугун камсыздаш үчүн 700 тартип кызматкери иш алып барат

503607
КМШ өлкөлөрүнүн кеңеши Кыргызстанда өтөт

6- июндан 8не чейин КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги кеңеши Кыргызстанда өтөт.

Жыйынга КМШга кирген мамлекеттердин бардык өкмөт башчылары катышаары күтүлүүдө. 

Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши кийинки жуманын алгачкы эки күнүнө туш келүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында боло турган жыйынга КМШга кирген мамлекеттердин премьерлери катышмакчы.

Мына ушундай маанилүү маселелерди талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартип жана жол коопсуздугу да камсыздалмакчы. Бул үчүн  700 тартип кызматкери иш алып барат. Мындан тышкары чет элдик меймандар жүрүүчү жолдордо унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилип турат.

Шериктеш мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан кеңештин негизги максаты - өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты арттыруу жана коопсуздуктун алдын алуу болмокчу.



Тектеш кабарлар