Түрк басма сөзү 04.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2124665
Түрк басма сөзү 04.04.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түрк демократиясын бүт дүйнөгө көрсөттүк» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы бир жылдагы үчүнчү шайлоонун ийгиликтүү аяктаганын, демократияга көлөкө түшүрө турган кайгылуу окуянын болбогонун айтканын жазган. Эрдоган: «Улут катары түрк демократиясынын жетилгендигин бүт дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттүк»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Антальянын 3 айлык туристтерди кабыл алуу рекорду» деген кабарында 2023-жылы туризм тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жеткен Антальяга быйыл март айында биринчи жолу 500 миңден ашуун турист келгенин маалымдады. Ошондой эле 3 айдын ичинде биринчи жолу 1 миллион босогодон ашты.

«Ватан» гезити «Деңиз соодасында рекорд» деген кабарында Түрк экономикасынын 2024-жылдын биринчи чейрегиндеги экономикалык жандануусу коммерциялык жашоодо да чагылдырыла баштаганын маалымдаган. Түрк портторунда март айында деңиз аркылуу транзиттик жүк ташуу 5 миллион 699 миң 607 тонна болду. Түркия дүйнөнүн алдыңкы деңиз өлкөлөрүнүн бирине айланды.

«Сабах» гезити «Түркиянын криптовалюталык биржасы ICRYPEX дүйнөлүк масштабда өсүп жатат» аттуу кабарында тездик менен өсүп жаткан ICRYPEX, дүйнө жүзү боюнча көп айтылган криптовалюта платформасы экенин белгилеген. ICRYPEX Түркиядан кийин глобалдык колдонуучуларына жаңы тизмелерди жана жаңы муундагы крипто чечимдерин сунуштоо максаты менен ар башка географиялардагы кызматтарын ылдамдатууда.

«Стар» гезити «Түркия маданий жол фестивалы башталат» аттуу кабарында Түркиянын маданият жолу фестивалы 2024-жылы катышуучуларга унутулгус тажрыйба тартуулоого даярданганын маалымдаган. Түркия 13-апрелден 10-ноябрга чейин 16 башка шаарда сегиз айга созулган маданият-өнөр марафону менен фестивалдын климатына күбө болот. Иш-чаралар аркылуу Түркиянын тарыхый жана маданий байлыгынын негизинде бай тажрыйба тартууланат.



Тектеш кабарлар