Түрк басма сөзү 02.04.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2123454
Түрк басма сөзү 02.04.2024

«Йени шафак» гезити «Шайлоочудан АК партияга билдирүү» деген кабарында 31 – мартта болгон жергиликтүү шайлоодон күтүлбөгөн жыйытыктын чыкканын жазган. 2002 – жылдан бери болгон ар бир шайлоодон жеңиш менен чыккан Адилеттик жана өнүгүү партиясы биринчи жолу ийгиликтүү болгон жок. Мында кымбатчылык, пенсионерлердин айлыктарынын жетерсиз болушу таасирдүү болгондугун белгилеген. Шайлоочулардын бир бөлүгү добуш берген жок.

«Ватан» гезити «Вице - президент Жевдет Йылмаз : инфляция менен күрөш негизги  алдыңкылыгыбыз» деп жазып, вице - президент Жевдет Йылмаздын : «Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымынан тарта инфляция менен күрөшүбүздүн жыйынтыгын ачык көрө баштайбыз. Ушундайча жогорулатылган айлык акынын мезгили менен азайышына карата чара көрүлгөн болот жана туруктуу жыргалчылыкты камсыз кылабыз», - дегенин кабарлаган.

«Сабах» гезити «Түркияга капиталдын кириши башталат» деген макаласында Американын инвестиция банкы Goldman Sachsтын экономисттери Түркияда блгон шайлоодон кийин түрк лирасы тууралуу баа беришкендерин жазган. Goldman Sachs экономисттери түрк лирасынын акыркы айларга салыштырмалуу дагы жакшы иштешин күтүшүүдө.

«Стар» гезити «Биржа Стамбул 100 индекси дүйнө экономикасын артта калтырды» деп билдирип, Биржа Стамбулда 100 индекси март айын 0,56 пайыздык өсүү менен 9,142,40 балл менен акырына чыгышына каршыл жылдын биринчи чейрегинде 22,39 пайыздык өсүү менен глобалдык акция базарын артта калтырды.

«Хабер түрк» гезити  «Шифа ооруканасындагы сүрөттөргө байланыштуу Түркиядан билдирүү» деген маалыматында Тышкы иштер министрлигинен Газадагы Шифа ооруканасында тартылган сүрөттөргө байланыштуу маалымат келгендигин белгилеген. Билдирүүдө : «Шифа ооруканасынан алынган сүрөттөр Израилдин Палестина калкын атайын жана системалуу түрдө жок кылууну максат кылышынын далили»,- деп билдирилди.

Билдирүүдө : «Израиль бийлигинин акыркы алты айда жасаган кылмыштары адамзат тарыхында болгон эң чоң жапайычылыктардын арасында орун алды. Бул кылмыштарды жасагандардын баары соттолуп, бул кылмыштарга көз жумгандардын ысымдары кара так катары тарыхта калат», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар