Түрк басма сөзү 29.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2121761
Түрк басма сөзү 29.03.2024

"Ватан" гезити "Акыркы бир жумада 38 террорист жок кылынды" деген кабарында Улуттук коргоо министрлигинин басма сөздү маалыматтандыруу жыйынында   Ирак жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада  38 террористтин жок кылынганы жарыялангандыгын билдирген. Ушундайча 1 - январдан бери жок кылынган террористтердин саны 646га жетти, анын ичинен 268и Ирактын түндүгүндө, 378и Сириянын түндүгүндө жок кылынды. 

"Сабах" гезити "Түркиянын Газа үчүн  8 -  гуманитардык жардам кемеси жолго чыкты" деп билдирип, Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын  Фонддор башкы директорлугу менен биргеликте даярдаган 8 - гуманитардык жардам кемеси Мерсин портунан Газа калкы үчүн жолго чыкканын белгилеген. Палестина элине жардам кемеси менен жалпысынан 2960 тонна жардам жөнөтүлдү.

"Хүррийет" гезити  "Түркиянын АКШнын эң чоң  артиллериялык снаряд экспорттоочусу болду» деген маалыматында  курал жана ок  - дары өндүрүүдө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири болгон Түркия АКШнын эң чоң  артиллериялык снаряд экспорттоочусу болгонун баяндаган. АКШ армиясы үчүн керек болгон  миңдеген  155 миллиметр калибрлүү артиллериялык снаряддарды Түркиядан сатып алат.

"Йени шафак" гезити "Стрессти өлчөөчү комплект 20дан ашык өлкөгө экспорттолот" деп жазып, Анкара Билкент шаардык ооруканасынын биохимия лабораториясынын координатору, профессор, доктор Өзжан Эрел тарабынан иштелип чыккан денедеги химиялык стрессти өлчөгөн ата мекендик изилдөө комплекти дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнө экспорттолорун белгилеген. 

"Хабер түрк" гезити "Миллиардерлер шаары : Стамбул Европада биринчи беште" деген макаласында Кытайда борбору болгон  Hurun Report экономикалык платформасынын 'Global Rich Listтин' маалыматына ылайык, дүйнөдөгү эң көп доллар миллиардери Нью-Йорк жана Лондондо жашап жаткандыгын жазган. Түркиядан Стамбул дүйнөдөгү эң алдыңкы 25, Европадагы эң алдыңкы 5тиктин арасында орун алды.

 



Тектеш кабарлар