Түрк басма сөзү 08.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2112851
Түрк басма сөзү 08.03.2024

«Ватан» гезити «Фидандын АКШда «жикчил террордук уюм» күн тартиби менен өткөргөн критикалык жолугушуусу» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушканын маалымдаган. Газада ок атышпоонун тез арада жарыяланышы жана аймакка гуманитардык жардамдардын көбөйтүлүшү керектигин белгилеген Фидан, АКШнын шериктештик рухуна ылайык кыймылдап, ПККнын уландылары менен карым-катнаштарын үзүшү керектигин белгиледи.

«Йенишафак» гезити «Овакөй менен Өнүгүү жолу терроризмге бөгөт болот» аттуу макаласында Ирактын түндүгүнө карай операциялары менен ПККны жок кылууну пландаган Түркия Овакөй чек ара капкасын камтыган Өнүгүү жолу проектисинин ишин ылдамдатканын белгилеген. Долбоор ПККнын Ирак-Сирия байланышын үзүү үчүн табигый тосмо болот.

«Стар» гезити «Америкалык басма сөздүн таң калыштуу КААН боюнча айтымдары» аттуу маалыматында American Business Insider 21-февралда алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырган Түркиянын 5-муундагы согуштук учагы КААНга басым жасаганын жазган. Business Insider бир тууган өлкө Азербайжандын орусиялык согуштук учактарга караганда КААНды артык көрөрүн баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Байрактар: Габардагы максат 100 миң баррель» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар : «Габарда суткасына 37 миң баррелден аштык. Апрель айында 9 жаңы скважина ачылат, максатыбыз 2024-жылдын аягына чейин суткасына 100 миң баррель чыгаруу»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропортунда «терапиялык иттер» иштей баштады» деген маалыматында Түркияда биринчи жолу Стамбул аэропортунда ишке ашырылган «Терапиялык ит долбоору» учуу жөнүндө стресске кабылган жүргүнчүлөргө төрт аяктуу досторунун колдоосу менен тынч жана жагымдуу саякат тартуулоону максат кылганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар