Түрк басма сөзү 5.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2110951
Түрк басма сөзү 5.03.2024

"Йени шафак" гезити "Эрдоган : Бул жайда Ирак чек арасында террорду жок кылабыз" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кабинет жыйынынан кийин берген маалыматында чек араларда террористандын курула албай тургандыгын баса белгилеп : "Ирак чек араларыбызды коргой турган алкакты акырына чыгаруудабыз. Бул жайда чек араларыбыз тууралуу маселелерди чечебиз",- деди. 

"Хүррийет" гезити "Министр Гүлерден террор менен күрөшүү тууралуу билдирүү" деп жазып,  Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн бергенин жана :  "Алдыбыздагы процессте террордук уюмду жок кылуу үчүн көзүбүз көрбөгөн, бутубуз баспаган жер калтырбайбыз",- дегенин  билдирген.

"Стар" гезити "Байрактар ТБ 2  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар дос өлкөдө бир алгачкыга кол койду" деген макаласында Байкардын башкы директору Халук Байрактардын Байрактар ТБ  2  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын Албания армиясынын инвентарына киргендигин белгилеп : «Ушундайча Албания армиясы инвентарына биринчи жолу НАТОнун стандарттарында бир учкучсуз учуучу аппаратын кошкон болду",- дегенин билдирди. 

"Сабах" гезити "Түрк лирасы менен тышкы соодада жылдын экинчи айында  210 миллиард лирага жакындады" деп жазып, түрк лирасы менен тышкы соода жылдын биринчи эки айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу  39, 4 пайызга өсүп, 201  миллиард  738 миллион лирага чыккандыгын  белгилеген. Бул жылдын биринчи айында  164, февраль айында  168 өлкөгө түрк лирасы менен экспорт жасалды. 

"Хабер түрк" гезити "Немистердин жайкы эс алуу үчүн тандоосунда Түркия биринчи орунда турат" деген маалыматында бул жылы жайкы эс алуу үчүн Германиядан эң көп резервация кылынган  10 эс алуу жеринин арасында Түркиянын  Испаниядан өтүп биринчи орунду алганы билдирилди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар