Түрк басма сөзү 01.03. 2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2109514
Түрк басма сөзү 01.03. 2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : экономика катары менен  14 чейрек өстү» деген кабарында президент Эрдогандын 2023 – жылдагы өсүү сандарына байланыштуу : «Түркия экономикасы өткөн жылы жер титирөө жана башка терс көрүнүштөргө карабастан 4,5 пайыз өсүп абдан маанилүү ийгиликке жетишти. Ушундайча экономикабыз катары менен 14 чейрек өстү. Бул көрсөткүчтөр менен (Түркия) Европанын эң ылдам өнүгүп жаткан өлкөсү",- деди.

«Стар» гезити «Түркия өсүү ылдамдыгын улантууда» деп билдирип, Түркия  2023 -  жылы базада  4,5 пайыз, октябрь  -  декабрь айларында андан мурдагы жылдын ошол эле чейрегине караганда  4 пайызга өстү. Түркия Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында экинчи, Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн арасында  үчүнчү өлкө болду.

«Йени шафак» гезити «Куралдуу учкучсуз учуу аппараттары боюнча биринчи үчтөбүз» деген макаласында Түркия жергиликтүү жана улуттук өндүрүш учкучсуз учуучу аппараттар жана куралдуу учуучу учкучсузаппараттар менен бул тармакта жол башчы болгон Израиль жана Россияны да артта калтыргандыгын белгилеген. 2024 -  жылдан тарта куралдуу учкучсуз аппараттар санында  11 миң  500 даана менен АКШ биринчи, 3 миң  300 даана менен Кытай экинчи, 1000 даана менен Түркия үчүнчү орунда.

«Сабах» гезити  «АКШдан Ф  - 16  боюнча сунуш каты келди» деп жазып, Улуттук коргоо министрлигинин  40 жаңы Ф  - 16 Блок-70тин сатып алынышы жана учурдагы 79 Ф - 16нын модернизацияланышы үчүн жөнөтүлгөн «Долбоор сунуш  жана кабыл алуу каттарынын» министрликке жана тиешелүү жерлерге жеткенин жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Түркия  10 тепкичке көтөрүлдү» деген маалыматында  президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун эл аралык бренд баалоо уюму Brand Finance тарабынан даярдалган Global Soft Power Index 2024 маалыматына караганда Түркиянын медиа жана коммуникация тармагында өткөн жылга салыштырмалуу 10 тепкичке жогорулап 193 өлкөнүн арасында 18-орунда экендигин  белгилегенин жазган.



Тектеш кабарлар