Түрк басма сөзү 29.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2109052
Түрк басма сөзү 29.02.2024

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын Орусия жана Украинага кайрылуусу: Дипломатияга мүмкүнчүлүк бер» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Украина- Түштүк Чыгыш Европа саммитине видео кайрылуу жөнөткөнүн маалымдаган. Эрдоган Орусия-Украина согушуна байланыштуу: «Дипломатия жана диалогго согушту адилеттүү жана туруктуу тынчтык менен бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилиши керек деген көз карашымды карманамын»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Орусиянын тышкы иштер министри Лавров Түркияга келет» аттуу кабарында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор калаа Москвада жумалык маалымат жыйынында тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркияга бара турганын белгилеп: «Лавров Түркиянын тышкы иштер министринин чакыруусу менен 1-2-марттагы Анталья дипломатиялык форумуна катышуу үчүн Түркияга барат. Лавровдун түрк кесиптеши Хакан Фидан менен да жолугушуусу пландалууда»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Афина өкмөтү Түркиядан шыктануу алып  чара көрүүгө өттү» деген кабарында Грециянын Түркия Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын эл аралык иш-аракеттерин жүргүзгөн «Түркия коммуникация моделинин» ийгилигинен шыктанып Жалган маалымат менен күрөшүү борборуна окшош бирдик түзө турганы билдирилгенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түркия 1 миллион тонна балык уулоо менен рекорд койду» аттуу кабарында Айыл жана токой чарба министрлигинин Балык чарба жана суу чарба башкы директору Мустафа Алтуг Аталай өткөн жылы балык өстүрүү жана аңчылык өнүмдөрүндө рекорд жаңыланганын белгилеп: «Өткөн жылы 1 миллион тоннага жакын балык алынган. Быйыл , бизде 575 миң тоннадан ашык суу өнүмдөрүн алуу милдети турат»,-деп атканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Тышкы соода тартыштыгы азайды» аттуу кабарында Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялаганын жазган. TÜİKтин маалыматына караганда, январь айында тышкы соода тартыштыгы өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 56,4 пайызга азайып, 14 миллиард 290 миллион доллардан 6 миллиард 227 миллион долларга түштү.



Тектеш кабарлар