Түрк басма сөзү 27.02.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2107783
Түрк басма сөзү 27.02.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Путин сүйлөштү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путиндин кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта : «Сүйлөшүүдө Россиянын президенти Путин президент Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. Путин сүйлөшүүдө Түркия  -  Россия карым  - катнаштарынын достуктун  негизинде илгерилетүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди " ,- деп айтылды.

«Хүррийет» гезити «Эл аралык сотуна Газа тууралуу чакыруу» деген макаласында Эл аралык сотто Израилдин Палестинаны басып алуусуна байланышту кечээки сотто Түркиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылмаздын жетекчилигиндеги делегациянын баяндама жасагандыгын жазган. Йылдыз : «Израиль адам укуктарын, эл аралык мыйзамды бузган аракеттерден жооптуу»,- деди.

«Хабер» түрк гезити «Кремлден Путиндин Түркия сапары тууралуу билдирүү» деп жазып, Россиянын президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кечээ берген билдирүүсүндө Россиянын президенти Владимир Путиндин 15 – 17 -  мартта боло турган президенттик шайлоодн кийин Түркияга сапар менен келе тургандыгын билдиргенин баяндаган.

«Стар» гезити «Грецияда Түркия тууралуу дүрбөлөң : айырмачылык чоңоюп баратат» деген маалыматында грек басма сөзүнүн түрк коргоо өнөр жайындагы абалдарды жакындан байкоону улантып жаткандыгы билдирилген. Түрк суу астындагы кемелеринин модернизациясын күн тартибине алып келген грек басма сөзү эки өлкөнүн деңиз флотторунун ортосундагы айырмачылыктын кеңейе турганын баса белгиледи.

«Йени Шафак»  гезити :  «КААНды көрүнбөй турган кылышат» деп билдирип, Түркиянын биринчи аскердик учагы КААНдын мээси мүнөзүндөгү компьютердик система да араларында болгон орчундуу технологияларын чыгарган ТҮБИТАК учактын радарда көрүнбөй турган абалга алып келе турган программалардын өнүктүрүлүшү үчүн аракетке өткөндүгүн кабарлаган.

 

 



Тектеш кабарлар