Түрк басма сөзү 26.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2107224
Түрк басма сөзү 26.02.2024

«Ватан» гезити «Эрдоган: Түркия коргоо өнөр жайында өнүгүүдө» аттуу кабарында президент Эрдогандын Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагында өнүгүп жатканын белгилеп: «TCG Anadoluну өткөн жылы ишке киргиздик. Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар ​​боюнча алдыңкы 3 өлкөнүн бирибиз. Улуттук согуштук учагыбыз KAAN биринчи учуусун ийгиликтүү ишке ашырды»,- деп айтканын жазган.

«Йенишафак» гезити «Чабуул коюучу учкучсуз аппаратарга жаңы күч» аттуу маалыматында Байрактар ​​AKINCI Cнын биринчи учуу сыноосун ийгиликтүү аяктаганын билдирген. Ушундайча Байрактар ​​AKINCI Чабуул коюучу учкучсуз аппаратынын 2x850 HP күчүндөгү үчүнчү варианты учурулду. AKINCI C ээ болгон күчү менен өз классындагы эң эффективдүү жана жөндөмдүү согуштук платформа болот.

«Стар» гезити «Алиев: Сиз Азербайжан элинин чыныгы досусуз» аттуу кабарында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин президент Эрдоганга жолдогон туулган күндүк куттуктоосунда: «Сиз Азербайжан элинин чыныгы досусуз. Азербайжандын адилеттүү иши үчүн ар дайым көрсөткөн чечкиндүү жана так позицияңызга, колдоосуңузга элибиз ыраазы»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Израилдик антропологдон Осмон мамлекети сунушу» аттуу кабарында израилдик антрополог Жефф Халпердин Израилдин оккупациясына каршы Осмон системасын сунуштаганын жазган. Халпер: «Осмон мамлекети сыяктуу  системаны палестиналыктар үчүн да, мага окшогон израилдиктер үчүн да кыялданам. Адамдар бардык жерге саякаттай алчу. Алар эркин эле. Бул 100 жылдан кийин Жакынкы Чыгышта дагы бир жолу кайталанышы мүмкүн», - дегенин жазган.  

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн даам борборлорунда алдыңкы 10 орунга Түркиядан да ошол шаар кирди» аттуу кабарында Tasteatlas маалымат базасындагы 16 миң 601 шаардын ичинен эң "даамдуу" тамактары бар шаарлардын тандалганын билдирген. Эң көп берилүүчү аймактык жана улуттук тамактар ​​боюнча эң мыкты орточо рейтингдер аныкталып, Түркиядан Газиантеп алдыңкы 10го кирди.



Тектеш кабарлар