Түрк басма сөзү  23.02.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2106410
Түрк басма сөзү  23.02.2024

«Хабер түрк» гезити «Каан  2028 – жылы аба күчтөрүнө кошулат» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын биринчи учуусун аткарган жергиликтүү  5 -  муундагы аскердик учак КААНдын 2028 -  жылдын акырында аба күчтөрүнө кошууну пландагандарын айтты. Эрдоган коргонуу өнөр жайында жогорку орунду алууну пландагандарын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «КААН дүйнөнүн күн тартибинде» деп билдирип, Түркиянын улуттук аскердик учагы КААНдын биринчи учушунун дүйнөлүк басма сөздө орун алууну улантып жаткандыгын белгилеген. Эл аралык  кабарларда Түркиянын  5 -  муун аскердик учагын чыгарган саналуу өлкөлөрдүн бири болгонуна көңүл бурулуп, Түркиянын заманбап аскердик учактарын чыгарышы тарыхый бир бурулуш жер блгондугу белгиленди.

«Сабах» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардан так билдирүү» деген макаласында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын түрк аскеринин бөгөт коючу күч катары Кипрде болушунун баш тартылгыс экендигин айтканын жазган. Татар : «Кипрде чечүүчү жол эки мамлекеттин таанылышында. Түндүк Кипр Түрк Респубикасы таанылышы керек»,- деди.

«Стар» гезити «Сомали менен коргонуу келишими түзүлдү» деп билдирип, Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуддун Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы Коргонуу жана экономикалык Кызматташуунун алкактык келишимине кол коюлгандыгын жарыялаганын кабарлаган. Махмуд : Бул тарыхый келишим, элибиздин ишенимдүү жана өнүккөн келечекке карай кеткен жолунда жаңы бир барак экендигин белгилейт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркияга ресурс агымы көбөйөт» деген маалыматында, Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин түрк фирмаларынын эми эл аралык базарларда капиталга оңой жете алганына көңүл бургандыгын баяндаган. Шимшек : «Программада каралган максаттарга жакындаган сайын өлкөбүзгө узун мөөнөттүү жана үнөмдүү ресурстар агымы дагы да көбөйөт»,-деди.



Тектеш кабарлар