Түрк басма сөзү 16.02. 2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2103239
Түрк басма сөзү 16.02. 2024

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Бул геноцидге кол койгондор тарых алдында кылмышкер деп жарыяланды» деген кабарында президент Эрдогандын Израилдин Рафах аймагына кол салуулары тууралуу  : «Жарандарга бул аймактарга баргыла ал жер коопсуз деп ошол жерге бомба жаадыруу гуманитардык баалуулуктар менен согуштук мыйзам жана эл аралык мыйзам менен адам укуктары менен шайкеш келеби? Адамзат бул кыйкырыкты  эртерээк угушу керек. Тарых адамдардын өлтүрүлүшүнө көз жумгандарды жазалайт. Бул геноцидге кол койгондор азыртадан тарыхтын алдында кылмышкер катары жарыяланды»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Фидан : Европа Биримдиги Түркияга жакындоосунда күбөлүк саясатын токтотушу керек» деп жазып, Тышкы иштер министри Хакан Фидандын Европа Биримдигинин стратегиялык ойлонуу менен эми Түркияга карата мамилесинде күбөлүк саясатын токтотушу керектигин белгилеп : «Түркия  -  Европа Биримдиги карым  - катнаштары айрым өлкөлөрдүн саясий эсептерине да курмандыкка чалынбашы керек»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Столтенбергден Түркия тууралуу билдирүү» деген макаласында, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Түркиянын НАТОнун түштүк канаты үчүн негизги союздаш экендигин айткандыгын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Космос жолунда жаңы аракеттер жаңы команда менен ылдамдап жатат» деп билдирип, Түркиянын биринчи учкучтуу космостук миссиясын ийгиликтүү аткарып, экинчи учкучтуу космостук миссиясын апрель айында,  2026 -  жылы да Айга барууну максат кылып жаткандыгын кабарлаган.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң күчтүү аба күчтөрү  2024 – жылдын тизмесине Түркия тамгасын басты» деген маалыматында дүйнөнүн эң күчтүү армияларынан кийин Түркиянын борбору АКШ болгон интернет сайты Global Firepower тарабынан билдирилген тизмеге да тамгасын баскандыгын баяндаган. Түркия эки баскыч жогорулоо менен  80 өлкө орун алган тизмеде  7 -  орунду алды.

 



Тектеш кабарлар