Түрк басма сөзү 7.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2098563
Түрк басма сөзү 7.02.2024

“Хабер түрк” гезити “Эрдоган: Жан үрөп колдоо көрсөткөндөрдү унутпайбыз” аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Кахраманмарашта жер титирөөдөн кийин курулган турак-жайлардын чүчүкулак тартуу жана ачкыч тапшыруу аземинде билдирүү жасаганын жазган. Президент Эрдоган жер титирөө апаатынын бир жылдыгында: «Өтө катаал кыш шарттарынын алгачкы күндөрүндө жер титирөө болгон аймакка барып жан үрөп иштеген баатырыбыздын эч бирин унутпайбыз»,-деди. Аземде 9 миң 289 үй тапшырылды.

“Стар” гезити “Түркиядан Ливияда башкы консулдук кадамы” аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Түркиянын Ливияда чыгыш менен батыштын ортосунда же түштүктү камтыган кандайдыр бир кагылышуунун кайра башталышын каалабагандыгын баса белгилеп: «Бенгазидеги башкы консулдугубузду ачууну чечтик, жакында ачабыз”,- дегенин билдирген.

“Ватан” гезити “Чыгыш Карадеңизден түрк лососунун экспорту өстү” аттуу кабарында Чыгыш Карадеңиз аймагынан түрк лососунун экспорту январь айында жылдык негизде 59 пайызга өсүп 11 миллион 240 миң 719 долларга жеткенин жазган.

“Сабах” гезити “Түркиянын статистика мекемеси калктын санына байланыштуу 2023-жылдын көрсөткүчтөрүн бөлүштү” деген маалыматында статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркиянын калкы 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 92 миң 824 кишиге көбөйүп 85 миллион 372 миң 377ге жетти.

“Хүррийет” гезити “Fitchтен Түркияга капитал агымы күтүүсү” аттуу кабарында Америкалык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratings Түркия да арасында болгон өнүгүп келе жаткан эң чоң 9 өлкөгө капитал агымынын быйыл акыркы 10 жылдын эң жогорку деңгээлине жетип 200 миллиард долларды түзөрүн болжолдогонун билдирген.



Тектеш кабарлар