Түрк басма сөзү 06.02.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

2098081
Түрк басма сөзү 06.02.2024

«Хүррийет» гезити «Түрк учкучсуз учуучу аппараттарына дагы бир талапкер» деген кабарында Түркиянын куралдуу  учкучсуз учуучу аппараттары программасы жана глобалдык рыногу көңүлдөрдү бурууну улантып жаткандыгын жазган. Тышкы иштер министр Хакан Фидан Египеттин Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппарат алышынын күн тартибинде экендигин айтты.  Жакынкы Чыгыш басма сөзү «түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына карата эл аралык талап көбөйдү»деп билдирди.

«Стар» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы Сауд Арабияда күч көрсөттү» деп жазып, Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн 'World Defense Show (WDS)' жарманкесине түрк коргонуу өнөр жайынын  63 фирма менен катышып жаткандыгын белгилеген. Жарманкеде акыркы технология кургактык, деңиз жана абадан коргонуу унаалары көргөзмөгө коюлду.

«Ватан» гезити «ОЕСД Түркиянын өсүү болжолун жогорулатты» деген макаласында Экономикалык өнүгүү жана Кызматташуу Уюму ОЕСДнин Түркиянын 2024 -  жыл үчүн өсүү болжолун 2,7 пайыздан  2,9 пайызга жогорулаткандыгын жазган. 2025 -  жыл үчүн Түркиянын өсүү болжолу 3,1 пайыз болуп жаңыланды.

«Сабах» гезити «Өнүгүү жолу үчүн орчундуу кадам» деген маалыматында Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун түрк ишкерлеринин Жибутиде  21  проектте 205 миллион долларлык инвестиция жасагандарын айтканын кабарлаган. Министр Уралоглу «Ортоңку коридордогу Түркия  2053 -  жылга чейин 197 миллиард долларлык транспорт проекттерине инвестиция салууну пландап жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Жаш ишкерлерге сүйүнчү» деп жазып, 8 -  Эл аралык жаш ишкерлер конгрессинин  8 -  февралда Стамбулда өтө тургандыгын белгилеген. Конгресс коомдук жана менчик сектордон жогорку мартабалуу башкаруучулар, демилгечилер, инвесторлор, иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, илимпоздор менен медиа да болгон 3 миңге жакын катышуучуну жолугуштурат.



Тектеш кабарлар