Түрк басма сөзү 5.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2097450
Түрк басма сөзү 5.02.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Шаарларыбыз калыбына келмейинче эс албайбыз» аттуу кабарында президент Эрдогандын Газиантеп ооруканасынын жана туташтыруучу жолдордун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Жер титирөө аймактарыбыздын инфраструктурасын, үстүнкү түзүлүшүн, шаар борборун жана айыл жерлерин толугу менен калыбына келтирмейинче эс албайбыз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Борбордук банктын төрагасы Фатих Карахандын алгачкы билдирүүсү» аттуу маалыматында Борбордук банктын төрагалыгына дайындалган Фатих Карахандын биринчи билдирүүсүндө инфляцияга токтолгонун жазган. Карахан: «Инфляция, максатыбызга ылайыктуу деңгээлге төмөндөгөнгө чейин керектүү акча дициплинасын сактоого чечкиндүүбүз»,-дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Январь айында 45 облустун экспорту өстү» аттуу кабарында Соода министрлиги январь айында 45 облустун экспортунун көбөйгөнүн билдиргенин баяндаган. Стамбул жалпы 4 миллиард 330 миллион долларлык экспорт менен биринчи орунду ээледи.

«Стар» гезити «Алтынга жана минералдарга бай өлкөдөн Түркияга өнөктөштүк сунушу» аттуу маалыматында алтынга жана минералга бай Тажикстандын Анкарадагы элчиси Ашрафжон Гуловдун көңүлдү бурган өнөктөштүк сунушун айтканын билдирген. Гулов: «Тажикстан дос өлкө Түркия менен өзгөчө алтын, алюминий, башка кендерди казып алуу жана пахтаны кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды курууну максат кылууда»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Кайтуу сапары кечеңдетилген Алпер Гезеравжыдан билдирүү бар» деген кабарында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын Жерге кайтып келүүсү дагы бир жолу жылдырылгандан кийин социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүшкөнүн жазган. Гезеравжы: «Бул өзгөчө саякатта алган тажрыйбаларым менен өлкөбүздүн илим жана технология тармагында таштаган кадамдарына баалуулук кошуу үчүн өлкөмө кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн»,-деди.



Тектеш кабарлар