Түрк басма сөзү 17.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2089576
Түрк басма сөзү 17.01.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан жаңы операция билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, террордук уюм ПККга каршы жаңы операциялар тууралуу: «Алдыдагы айларда ким эмне дегенине жана коркутууларга карабастан бул багытта жаңы кадамдарды таштайбыз»,-деп айтканын жазган.

«Ватан» гезити «Түркиядан террорго каршы декларация» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңешинде Парламент төрагалыгынын «терроризмге каршы декларация» темалуу уруксат документинин кабыл алынганын билдирген. Уруксат документинде «Бүткүл дүйнө муну билиши керек; акыркы террорист таасирсиз кылынмайынча, террор өз булагында жок кылынмайынча жана террордун артында турган бардык колдоолор жоюлмайынча күрөшүбүз уланат»,-деп айтылды.

«Йени шафак» гезити «Министрлерден ачык билдирүү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин: «Ким колдоо көрсөтсө да, шылтоо же кандайдыр бир себеп менен түштүк чек араларыбызда (Сириянын түндүгүндө) террор коридорунун түзүлүүсүнө уруксат бербейбиз»,-дегенин жазган. Тышкы иштер министри Хакан Фидан да: «Террор менен күрөшүү дипломатиябызды, ПККнын көптөгөн өлкөдө саясий бутагы бар экенин билип туруп жүргүзүп жатабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиянын тарыхый космос сапарына саналуу саттар калды» атттуу маалыматында Түркиянын тарыхый космос сапарына бир нече саат калганын жазган. Президент Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн космостук долбоордун ишке ашырылышын чыдамсыздык менен күткөн Түркия тарыхый учурга көңүл бурууда. Биринчи түрк астронавты Алпер Гезеравжы Эл аралык космос станциясына жөнөтүлөт.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Түркиянын биринчи космос саякатчысы менен сүйлөштү» аттуу кабарында президент Эрдогандын 2024-жылдын 18-январында бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 01:11де космоско чыга турган Түркиянын биринчи космос саякатчысы Алпер Гезеравжы менен видео конференция аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Эрдоган, X баракчасындагы билдирүүсүндө: «Космоско жөнөтүлө турган биринчи түрк астронавтыбыз өнүккөн, күчтөнгөн жана бекемделген Түркиянын жаңы символу»,- деди.



Тектеш кабарлар