Түрк басма сөзү 10.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2086547
Түрк басма сөзү 10.01.2024

«Хүррийет» гезити «Министр Фидандын билдирүүлөрү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушканын жазган. Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптуу талкууланып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылды. Фидан Кыргызстанда кесиптеши менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө да, Батыштын Газадагы кыргынга колдоо көрсөтүүсүнүн дүйнөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч туудурганын айтты.

«Сабах» гезити «Ички иштер министри Йерликая: Акыркы террорист жок кылынмайынча токтобойбуз» аттуу маалыматында ички иштер министри Али Йерликаянын кечээ террор менен күрөшүү темасында маанилүү билдирүүлөрдү берип, «Террор буза турган тармактар мындан ары өлкөбүздө сөз болбойт. Мамлекетибиз улуту менен бир болду. Террор коркунучу кайдан келсе, кайсы жерде террорист бар болсо, аны өз булагында таасирсиз кылуудабыз. Биздин негизги максатыбыз акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантуу»,-дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга келген туристтердин саны 16 миллиондон ашты» аттуу кабарында 2023-жылы Антальяга келген чет элдик туристтердин саны 395 миң 479 трансфер жүргүнчү менен бирге 16 миллион 84 миң 737 болуп жаңыланганын билдирген. Анталья туризминин тарыхында биринчи жолу 16 миллион санынан ашты.

«Ватан» гезити «2023-жылы Түркиядан 408 миллион долларлык кургатылган өрүк экспорту» аттуу маалыматында Түркиянын өндүрүшүндө лидер болгон кургатылган өрүктөн 2023-жылы 70 миң 869 тонналык экспорттон 408 миллион 74 миң долларлык киреше тапканын жазган.  

«Стар» гезити «Toggдун жаңы модели көрсөтүлдү» аттуу кабарында АКШнын Лас-Вегас шаарында башталган дүйнөдөгү эң чоң керектөөчү электроника жарманкеси CES 2024 жарманкесинде Toggдун өз ордун алганын билдирген. TOGG жарманкеде экинчи акылдуу аппараты T10Fти дүйнөнүн назарына алып чыкты.



Тектеш кабарлар