Түрк басма сөзү 25.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2080367
Түрк басма сөзү 25.12.2023

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан шейит аскерлер үчүн көңүл айтуу билдирүүсү» аттуу кабарында президент Эрдогандын, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагындагы кагылышууда шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялаганын жазган. Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Канкор террористтердин кол салууларына эселентип жооп кайтарылды жана жооп кайтарылууда. Террорду өз булагында жок кылуу стратегиябызды акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен ишке ашырууну улантабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук чалгындоо уюмунан операция» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айн Ел Араб жооптуусу «Бахоз Африн» каймана аттуу террористи Сирияда таасирсиз кылганын жазган.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министри Гүлер Ирак чек арасында» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин кечээ Ирак чек ара тилкесине барганын жазган. Министр Гүлер бул жердеги билдирүүсүндө «Чеңгел-Кулпу» аймагындагы кол салуулардан кийин таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 30га жеткенин айтты.

«Стар» гезити «10 облуста "Баатырлар-35" операциясы» аттуу маалыматында ички иштер министри Али Йерликая, жикчил террордук уюмга мүчө террористтер айыл жерлеринде кыш айларында кол салууларды жасоо максатында үңкүр жана баш калкалоочу жайларга жашырган ар кандай курал-жарак, ок-дары, жардыруучу заттарды жок кылууга карата жүргүзүлгөн «Баатырлар-35» операциясында 10 облуста 58 үңкүр жана баш калкалоочу жайдын жок кылынганын билдиргенин жазган.

«Ватан» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду» аттуу кабарында Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) авиациялык отчетуна караганда, Стамбул аэропорту 4-10-декабрдын аралыгында күнүмдүк орточо 1296 рейс менен Европадагы эң көп кыймылдуу аэропорт болгонун билдирген. Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк орточо 1286 каттам менен Лондон Хитроу, 1251 каттам менен Амстердам Схипхол жана 1217 каттам менен Париж Шарль де Голль аэропорту орун алды.



Тектеш кабарлар