Түрк басма сөзү 13.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2075961
Түрк басма сөзү 13.12.2023

«Стар» гезити «Дос өлкөдөн Байрактар ​​TB2 билдирүүсү»  аттуу кабарында Албаниянын премьер-министри Эди Раманын, Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын жакында Албаниянын Куралдуу Күчтөрүнө кошула турганын билдиргенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Аккуюда ишке киргизүү уруксаты алынды» аттуу маалыматында Аккую атомдук аукционердик коомунун, станциянын биринчи реакторун ишке киргизүү үчүн Атомдук жөнгө салуу органынан керектүү уруксатты алганын жарыялаганын билдирген. Уруксат менен Аккую атомдук электр станциясынын коопсуз түрдө иштешине негиз түзгөн баштоо, жөндөө жана иштетүү процесстерине өтсө болот.

«Хүррийет» гезити «Уралоглу: Круиздик жүргүнчү саны максатынан аштык» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун: «Портторубузга келген круиздик кемелердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,4 пайызга өсүп 1167ге, круиздик кеме менен келген жүргүнчүлөрдүн саны да 51,6 пайызга өсүп 1 миллион 517 миң 933кө жетти. 2023-жылдагы максатыбыз болгон 1,5 миллион круиздик жүргүнчү саны, ноябрь айынан тарта ашып кетти», - дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Текин: Түркия үч тармакта тең өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчтөрүнөн жогору» аттуу маалыматында улуттук билим берүү министри Юсуф Текин Эл аралык студенттерди баалоо программасынын (PISA) 2022-жылдагы жыйынтыгы тууралуу: «Түркия математика, илим жана окуу көндүмдөрү өлчөнгөн үч тармакта тең өз рейтингин жогорулатты жана бардык өлкөлөрдүн орточо деңгээлинен жогору болду»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар