Түрк басма сөзү-12.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2075412
Түрк басма сөзү-12.12.2023

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган: Биз көргөн чаралардын оң натыйжалары базарда көбүрөөк байкалууда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө алар көргөн чаралардын оң натыйжалары базарда да сезилгенин айтканын жазган. Эрдоган: «Октябрь айынын жумушчу күчү статистикасы туура жолдо экенибиздин белгиси»,-деди.

«Хүрриет» гезити «Габарда күнүнө 30 миң баррель мунай өндүрүү» аттуу кабарында Түрк мунайзат өнөктөштүгү (TPAO) Габарда күнүмдүк мунай өндүрүшүнүн 30 миң баррелге жеткенин билдиргенин маалымдаган. TPAOнун «Х» эсебинде жарыяланган билдирүүдө, «Шырнактын Габар тоо аймагындагы Шехит Эсма Чевик жана Шехит Айбүке Ялчын талаасында ачкан жалпы 23 скважинада күнүнө 30 миң баррел мунай өндүрүүгө жеттик»,деген маалыматка орун берилген.

«Сабах» гезити «Шимшек: Жумушсуздуктун деңгээли 8,5 пайызга төмөндөп, акыркы 11 жылдын эң төмөнкү деңгээли болду» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин октябрь айында жумушсуздук көрсөткүчүнүн акыркы 11 жылдын эң төмөнкү деңгээли болгон 8,5 пайызга азайгандыгын билдиргенин баяндаган. Шимшек: «Күн сайын ишке ашырган саясаттардын жыйынтыгын көрүп жатабыз, программалык максаттарыбыз бир-бирден ишке ашат»,-деди.

«Стар» гезити «Түрк авиация тарыхында биринчи» деген кабарында Байкар тарабынан жергиликтүү жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан түрк технологиялык керемети Bayraktar TB2 SİHA жаңы рекорд жаңыртканын маалымдаган. Түрк авиация тарыхында биринчиликти жасаган Байрактар ​​TB2 SİHA 750 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктады.

«Хабер түрк» гезити «Мардинде деңиз жандыктарынын фигуралары тартылган мозаикалар табылды» деген кабарында Мардиндин Кызылтепе районундагы куткаруу казуу аймагында Рим доорунан калган вилла урандыларынан деңиз жандыктарынын фигуралары менен мозаика табылганын маалымдаган. Мардин музейинин мүдүрү жана казуу башчысы Абдулгани Таркан, музейде Византия-Кеч Рим дооруна таандык жаныбарлардын фигуралары менен мозаикаларды көргөзмөгө коюуну максат кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар