Түрк басма сөзү 07.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2073571
Түрк басма сөзү 07.12.2023

«Сабах» гезити «Эрдогандан Израилге катуу эскертүү» аттуу мааыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин чалгындоо мекемеси Моссаддын Түркия баш болгон кээ бир өлкөлөрдө Хамас лидерлерин өлтүрүүгө даярданганы жөнүндөгү кабарга байланыштуу айтылган пикирлерге каршылыгын көрсөтүп: «Түркияга каршы ушундай кадамга барууга батынса, аркасын көтөрө албай тургандай чыгымга учурайт»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиянын Израилге реакциясы» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлиги : «Израиль бийлигинин Газадагы карапайым калкка каршы жапайы кол салууларын улантуу менен басып алган Палестина аймагында мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүсүн катуу айыптайбыз»,-деп билдирүү жасады.

«Хүррийет» гезити «Гөктүрк-1 спутнигине 7 жыл толду» деген кабарында Улуттук коргоо министрлиги Түркиянын байкоо спутниктеринин бири болгон Гөктүрк-1 спутнигинин 7 жылдыгын жарыялаган билдирүүсүндө: «Гөктүрк-1 спутниги космостогу миссиясы учурунда дүйнөнү 37 миң 378 жолу айланып, 82 миң 913 фотосүрөт жана видео тартып алды»,деген маалыматты берген.

«Хабер түрк» гезити «Түркияга Анадолу тектүү 41 чыгарма алынып келинүүдө» деген кабарында АКШда колго түшүрүлгөн Анадолудан алынып кеткен 41 тарыхый экспонат Нью-Йорктогу түрк бийлигине жеткирилгенин маалымдаган. Кайтарылган тарыхый экспонаттардын арасында мындан 60 жылдай мурда Бурдурдун Бубон байыркы шаарынан АКШга аткезчилик жол менен алынып келинип ар кандай музейлерге жана коллекцияларга сатылган кээ бир бөлүктөр да бар.

«Йени Шафак» гезити «Туризмде бардык мезгилдердин рекорду» аттуу кабарында дүйнөнүн эң маанилүү туризм шаарларынын бири болгон Анталья 2023-жылдын ноябрь айынын акырына карата 200гө жакын өлкөдөн 15 миллион 371 миң туристти кабыл алганын белгилеген. 2023-жыл Анталья туризм тарыхында эң көп турист келген жаңы рекорддук жыл болду.



Тектеш кабарлар