Түрк басма сөзү 6.12.2023

Түрк басма сзүнөн кыскача маалыматтар.

2072985
Түрк басма сөзү 6.12.2023

«Хабертүрк» гезити «Эрдоган: Нетаньяху бүткүл аймактын коопсуздугун коркунучка салууда» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху башкаруусунун саясий өмүрүн узартуу үчүн бүткүл аймактын коопсуздугун жана келечегин коркунучка салып жатканын айтканын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Израиль кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек» аттуу маалыматында президент Эрдоган Катардагы сөз сүйлөөсүндө: «Газада болуп жаткандар адамзатка каршы кылмыш болуп саналат. Израиль кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек. Палестина мамлекетинин курулуусунун мааниси дагы бир жолу байкалды. Ушул максатта аймак өлкөлөрү менен бирге кепил катары жоопкерчиликти алууга даяр экенибизди билдирдик»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркиянын салттуу зайтун өстүрүүсү ЮНЕСКОго кирди» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун, Түркиянын салттуу зайтун өстүрүүсүнүн «ЮНЕСКОнун чукул коргоону талап кылган материалдык эмес маданий мурастар тизмесине» киргенин жарыялаганын билдирген.

«Йенишафак» гезити «Түркиядан мунай кадамы» аттуу маалыматында Түркия 66га жеткен активдүү мунай чыгаруучу бургулардын саны менен Европада эң көп чалгындоо иштерин жүргүзгөн өлкө болгонун жазган. Мунай секторунда быйыл 33ү ата мекендик жана 10у чет элдик капиталдан турган 43 компания чалгындоо жана өндүрүш иштерин улантууда. Үстүбүздөгү жылы 195 скважина ачылып, жалпы 418 миң чарчы метрлик бургулоо иштери жүргүзүлдү.

«Стар» гезити «Togg америкалык Тесланы тактыдан түшүрдү» атуу кабарында унаа сатууларында 1 миллиондук босогодон ашып бардык убакыттардын жылдык рекорду жаңыланса, Togg ноябрь айындагы сатууларында да Teslaдан айырмаланганын жазган. Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы Togg ноябрь айында 4401 унааны ээлерине тапшырса, америкалык Тесла 900 унааны тапшырып сатууларда Toggдон артта калды.



Тектеш кабарлар