Түрк басма сөзү 4.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2072122
Түрк басма сөзү 4.12.2023

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кечелиден израилдик министрдин постуна реакция» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечелинин, Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэндин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүнө каршылык көрсөтүп: «Баскынчы күчтүн карапайым калкка жасаган ырайымсыз кол салуулары эч кандай түрдө өзүн коргоо катары кабыл алынбайт»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Куртулмуш: Палестинадагы оорукананы Израиль бомбалады, бүткүл дүйнө карап турду, адамзат кайда!» деген маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш билдирүүсүндө, Израилдин зулумуна үн катпай жаткан өлкөлөргө реакция кылып: «Палестинадагы оорукананы Израиль бомбалады. Отузга жакын наристе ыйлап жатып көз жумду жана бүткүл дүйнө карап турду. Адамзат кайда?», - дегенин жазган.  

«Йени Шафак» гезити «Чеңгел-Кулпу аймагына куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен операция» аттуу кабарында Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында кечээ аныкталган 3 ПКК террористинин, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан куралдуу учкучсуз аппараттар менен таасирсиз кылынганын жазган.

«Ватан» гезити «Тышкы соодада жаңы рекорд» аттуу маалыматында соода министри Өмер Болат ноябрь айында тышкы сооданын тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жеткенин жарыялаганын билдирген. Министр Болат ноябрь айында 23,01 миллиард долларлык экспорттун ишке ашканын айтты.

«Стар» гезити «Топрак Разгатлыоглу: Биздин максат дүйнө чемпиону болуу» аттуу кабарында Дүйнөлүк супербайк чемпиондугун 552 упай менен 2-орунда аяктаган улуттук мотоциклетчи Топрак Разгатлыоглу жаңы сезон үчүн кол койгон команда менен кайрадан дүйнө чемпиону болууну максат кылганын айтканын жазган.



Тектеш кабарлар