Түрк басма сөзү 27.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2069042
Түрк басма сөзү 27.11.2023

«Йени Шафак» гезити «Хамас Эрдогандын аракеттери менен 7 таиланддыкты бошотту» аттуу кабарында Хамастын Израиль менен туткун алмашуу келишиминин алкагында барымтадагы 7 таиланддыкты эркин кое бергенин жазган. Хамас, бул 7 туткундун президент Режеп Таййип Эрдогандын Газада туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча дипломатиялык аракеттерине жооп иретинде бошотулганын билдирди.

«Стар» гезити «Француз адвокатынан Түркияга мактоо» аттуу маалыматында палестиналыктарды Эл аралык Кылмыш Сотунда (ICC) жактаган француз юрист Гиллес Деверс түрк басма сөзүнүн тарткан фотосүрөттөрү менен Израилдин Газада ак фосфор бомбасын колдонгонун далилдөөдө чоң роль ойногонуна көңүл бурганын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Венгриянын ортосундагы соода көлөмү өсүүдө» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын 2 күндүк иш сапары менен Венгрияга барганын билдирген. Министр Кажыр Түркия менен Венгриянын ортосундагы соода көлөмүнүн 4 миллиард долларга жакындап калганын белгилеп: «Лидерлерибиздин койгон 6 миллиард долларлык максат бар жана бул максатка карай илгерилеп бара жатабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия ишке ашырды, дүйнө көрдү» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, дүйнөнү суктандырган долбоорлорду өлкөдө ишке ашыргандарын айтканын жазган. Министр Уралоглу: «21 жылда 3 миң 844 жаңы көпүрө курдук жана 405 жаңы тоннель ачып жарандарыбыздын кызматына бердик»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Угур Шахин ракка каршы вакцина үчүн дата берди» аттуу кабарында вакциналардын жардамы менен Ковид-19ду артка калтырган дүйнөдө көптөрдү үмүттөндүргөн рак вакцинасына байланыштуу кабар түрк илимпозу Угур Шахинден келгенин билдирген. Шахин жекелештирилген mRNA негизиндеги рак вакциналарынын 2030-жылга чейин бекитилиши мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар