Түрк басма сөзү 23.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2067710
Түрк басма сөзү 23.11.2023

«Ватан» гезити «Эрдогандан Газа билдирүүсү: Болуп жаткандар сабырдуулук чегинен ашты» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, онлайн катышкан Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде сүйлөгөн сөзүндө: «Газада болуп жаткандар сабырдуулук чегинен ашты. Бул жерде согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар жасалууда. Биз эч качан карапайым элге каршы аракеттерди күнөөсүз же мыйзамдуу деп эсептебейбиз» дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Газадагы убактылуу ок атышпоо тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлигинин Газадагы убактылуу ок атышпоо тууралуу билдирүүсүндө: «Израиль күчтөрүнүн алты жумадан ашык убакыттан бери кол салуулары уланып жаткан Газада гуманитардык тыныгуу жарыяланышы боюнча келишимди оң жылыш катары көрүүдөбүз»,-деп айтылганын жазган.

«Хүррийет» гезити «Вице-президент Йылмаз: 11- чоң экономикабыз» аттуу кабарында вице-президент Жевдет Йылмаздын: «Учурда сатып алуу күчү паритети боюнча 11-чоң экономика, номиналдык жактан 17-чоң экономикабыз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Эл аралык ири мекемеден Түркия тууралуу комментарий: Эң көп инвестиция салынган өлкө болду» аттуу маалыматында Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын төрагасы Одил Рено-Бассо Түркиядагы инвестицияларын ар дайым абдан жогору кармашкандарын жана инвестицияны уланта тургандарын белгилеп, быйылкы инвестициясынын 2,5 миллиард евродон ашарын билдиргенин жазган. Рено-Бассо Түркиянын бул банк тарабынан эң көп инвестиция салынган өлкө болгонун белгиледи.

«Йенишафак» гезити «Эрте брондоодо 20 пайыздык өсүү» аттуу кабарында Жер Ортолук деңиз туристтик отелчилер жана операторлор биримдигинин төрагасы Каан Кавалоглу, туризмде эрте брондоолордун 2024-жыл үчүн жакшы башталганын белгилеп: «Биринчи резервациялар Англиядан, кийинкиси Германиядан. Эрте брондоолордо 2023-жылга салыштырмалуу 20 пайыздык өсүү бар»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар