Түрк басма сөзү 30.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2057538
Түрк басма сөзү 30.10.2023

«Хүррийет» гезити «Түркия Республикасына 100 жыл» аттуу кабарында Республиканын 100 жылдык мааракеси өлкөнүн жалпысында кубанычтуу белгиленгенин билдирген. Президент Режеп Таййип Эрдоган Аныткабирдин атайын дептеринде: «Урматтуу Ататүрк, 21 жылдык бийлигибизде аманатыңызды коргоого аракет кылдык. Эң чоң инвестициялык кадамдарды жасоо менен Республикабыздын 2-кылымын Түркия кылымы менен даңазалайбыз. Республикабыз мурдагыдан да коопсуз», -деп жазды.

«Стар» гезити «Эрдогандын 100 жылдыкка карата кайрылуусу» аттуу маалыматында президент Эрдогандын, 1923-жылдын 29-октябрында жарыяланган Республиканын кечээ биринчи кылымын аяктап, Түркия кылымы деп аталган экинчи кылымына аттанганын айтканын жазган. Эрдоган: «Эч бир империалисттик күч Түркия Республикасынын бактылуу, ийгиликтүү жана жеңиштүү болушуна тоскоол боло албайт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Босфордогу керемет азем» аттуу кабарында Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгында TCG Anadolu менен бирге 100 согуштук кеменин Босфордон өткөнүн билдирген. Кемелер азем менен Босфор кысыгынан өтүп баратканда, Соло Түрк жана Түрк жылдыздарына таандык 20 согуштук учак да Босфордун үстүнөн шоу учуусун ишке ашырды. Жарандар укмуштуудай шоуну кубанычтуу көрүштү.

«Ватан» гезити «Куртулмуш: Жаңы дүйнө түзүлөт» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө: «Империалисттер кандай оюн ойнобосун улутубуздун лидерлигинде жаңы дүйнө түзүлөт жана дүйнөдө укук өкүм сүргөн жаңы тартип орнойт»,-дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Куртулмуш: Палестина эли бардык согуштарда биз менен бирге болгон» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш палестиналыктардын Түркия Республикасынын курулушу жолунда көрсөткөн курмандыктарына токтолгонун билдирген. Куртулмуш: «Бүткүл дүйнөнүн көз алдында Израиль тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Газа жана Палестина калкы өтмүштө Республикабызга карата бардык согуштарда ата-бабаларыбыз менен бир фронтто салгылашкан»,-деди.



Тектеш кабарлар