Түрк басма сөзү 11.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2049153
Түрк басма сөзү 11.10.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган: акыркы чечим көз карандысыз Палестина» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, аймактагы актерлорду Израиль менен Хамастын ортосунда тынчтыкты орнотуу үчүн жоопкерчиликти алууга чакырганын билдирген. Эрдоган: «Азыркы учурда Газа аёосуз бомбаланып жатат. Акыркы чечим – борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин ишке ашырылышы»,- деди.

«Стар» гезити «Куртулмуш: Кагылышуулар ​​палестиналыктарды көрмөксөнгө салган түшүнүктүн натыйжасы» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Израиль менен палестиналык топтордун ортосундагы кагылышууларга байланыштуу: «Бул кагылышуулар 1948-жылдан бери уланып келе жаткан, тынымсыз адилетсиздик менен азыктанган, 1967-жылдан кийин аннексия, оккупация жана жаңы отурукташуучулар менен палестиналыктарды көрмөксөнгө салган мамиленин туу чокусу»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Шимшек: Түркия күчтүү экономика» аттуу кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин, Израиль-Палестина согушунун Түркияга тийгизген таасири кандай болот? деген суроого жооп бергенин билдирген. Шимшек, «Түркиянын потенциалы чоң. Түркия киши башына улуттук кирешеси 10 миң доллардан ашкан дүйнөдөгү 7 өлкөнүн бири. Күчтүү экономика, ошондуктан чоң кызыгуу бар», - деди.

«Хабертүрк» гезити «IMF Түркияга карата өсүү болжолун жогорулатты» аттуу маалыматында Эл аралык Валюта Фонду (IMF) дүйнөлүк экономиканын өсүү күтүүлөрүн быйылкы жыл үчүн 3 пайыз деңгээлинде сактаса, келерки жылга карата божомолун 3 пайыздан 2,9 пайызга түшүргөнүн жазган. Мекеме түрк экономикасынын өсүү болжолун болсо быйылкы жыл үчүн 3 пайыздан 4 пайызга, келерки жыл үчүн 2,8 пайыздан 3,25 пайызга жогорулатты.

«Хүррийет» гезити «EURO 2032ни Түркия менен Италия өткөрөт» аттуу кабарында Европа футбол федерациялары биримдиги (УЕФА) тарыхый сүйүнчүнү расмий түрдө жарыялаганын билдирген. 2032-жылдагы Европа футбол чемпионатына (EURO 2032) Түркия менен Италия кожоюндук кылышат.



Тектеш кабарлар