Түрк басма сөзү 4.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2045876
Түрк басма сөзү 4.10.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган: Эми дагы так кадамдарды күтөбүз» аттуу кабарында президент Эрдоган, Анкарадагы жардыруу аракетине байланыштуу террор менен күрөшүүгө токтолуп: «Эгер бул канкорлор таасирсиз кылынбай кандайдыр бир жол менен чет өлкөгө качып кетишсе, саясий качкындар катары корголуп кээ бир адамдар тарабынан урмат-сыйга ээ болушмак./ .../ Биз кайгыбызды бөлүшкөн досторубуздан айыптоо билдирүүлөрү менен бирге эми дагы конкреттүү кадамдарды күтөбүз. Башкача айтылган билдирүүлөр биздин жарабызды айыктыра албасы белгилүү болушу керек»,-дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Гүлер: Чек араларыбызда түзүлүүсү кааланган террор коридору жок кылынды» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин: «Террордук уюм өлкө ичинде соңуна чыгып жатканда, чек арадан Түркияга карай кол салуулар да алдын алынып, чек араларыбызда түзүлүүсү кааланган террор коридору жок кылынды»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Түркия үчүн стратегиялык абалдагы ири долбоор расмий түрдө башталды» аттуу кабарында Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани Перс булуңунан Түркияга чейин созула турган Өнүгүү жолу долбоорунун башталганын билдиргенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Карабахты миналардан тазалоо иштери ата мекендик өндүрүш ОЗАН менен жүргүзүлүүдө» аттуу маалыматында Түрк коргоо өнөр жайында иштелип чыккан OZAN мина детекторлорунун, Азербайжан тарабынан Карабахта куткарылган жерлердин миналардан тазаланышында эффективдүү колдонулуп жатканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Аделдин тандоосу түрк дизайнери» аттуу кабарында дүйнөгө таанымал британиялык ырчы Адель Лас-Вегастагы концертинде түрк модачы Руфат Исмаил тиккен кара көйнөк менен сахнага чыкканын билдирген.

 



Тектеш кабарлар