Түрк басма сөзү 20.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2039635
Түрк басма сөзү 20.09.2023

«Ватан» гезити «Эрдоган: БУУнун Коопсуздук Кеңеши 5 өлкөнүн саясий стратегияларынын майданына айланды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын катышуучуларына кайрылуусунда, «Дүйнө 5тен чоң» деп айтып БУУдагы реформа чакырыгын кайталаганын билидирген. Эрдоган: «Коопсуздук кеңеши эми дүйнө коопсуздугунун кепили эмес, 5 өлкөнүн саясий стратегияларынын кагылыш аянтына айланды»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Карабахтагы аскердик операция тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында Түркия боордош өлкө Азербайжандын Карабахта баштаган террорго каршы операциясына байланыштуу билдирүү жасаганын жазган. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Азербайжан өзүнүн эгемен аймагында зарыл деп эсептеген чараларды көрүүгө аргасыз болду»,-деп айтылды.

«Сабах» гезити «Түркия кылымы Нью-Йорктун көчөлөрүндө» аттуу кабарында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын координациясында жүргүзүлгөн Республиканын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында «Түркия кылымы» АКШнын Нью-Йорк шаарында таанытылганын билдирген.

«Хүррийет» гезити «OECD түрк экономикасы үчүн 2023-жылдагы өсүү болжолун жогорулатты» аттуу маалыматында Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) түрк экономикасынын өсүү болжолун 3,6 пайыздан 4,3 пайызга жогорулатканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан 85 миллион 386 миң долларлык булгур экспорттолду»  аттуу кабарында Түркиядан январь-август айларында 85 миллион 386 миң долларлык булгур экспорттолгонун билдирген. Булгур экспорту боюнча Ирак биринчи, Орусия экинчи, Сирия үчүнчү орунда турат.



Тектеш кабарлар