Түрк басма сөзү 11.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2035483
Түрк басма сөзү 11.09.2023

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын G20дан кийинки билдирүүлөрү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити аяктагандан кийин билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Орусия-Украина согушунун бүтүшү керектигин айткан президент Эрдоган: «Орусия дан маселесинде четте кала албайт»,-деди. Саммиттин алкагында АКШнын президенти Байден менен жолугушуу өткөргөнүн белгилеген Эрдоган: «Ф-16 темасын сүйлөштүк, Швецияны алдыга коюп жатышат бул тууралуу чечим Түркия Улуу Улуттук Парламентинде»,-деди.

«Сабах» гезити «Эрдогандан дипломатиялык жолугушуулар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн барган Индиянын борбор шаары Делиде дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн улантканын билдирген. Саммиттин биринчи күнүндө Япония, Бириккен Араб Эмирликтери, Бразилия, Түштүк Корея жана Германиянын лидерлери менен жолуккан Эрдоган кечээ да Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту.

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Сүйлөшүүдө эки лидер аймактык маселелер боюнча пикир алмашып, Азербайжан-Армения карым-катнаштары жана Азербайжандын Карабах аймагындагы акыркы окуяларды талкуулашты.

«Стар» гезити «Түркиядан Сербияга билдирүү» аттуу маалыматында Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой Түркия-Сербия карым-катнаштарынын тарыхтын эң жогорку чегинде экенин айтканын жазган. Аксой: «Президентибиз Эрдогандын өткөн жылдагы Сербияга сапарында кол коюлган эң маанилүү келишим «Өздүк картасы менен саякат» келишими болду. Бул келишим биздин өлкөдө күчүнө кирди, эми Сербия тараптан анын күчүнө киришин күтүп жатабыз»,- деди.

«Йени Шафак» гезити «Түркиянын чабуулчу тик учагынын биринчи аял учкучу Диярбакырдын асманында учту» аттуу кабарында Түркиянын чабуулчу тик учагынын биринчи аял учкучу Өзге Карабулуттун кечээ Диярбакырдын асманында АТАК тик учагы менен учканын билдирген. Учуудан кийин облустук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Фатих Кая Карабулутту куттуктады.



Тектеш кабарлар