Түрк басма сөзү 07.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2034220
Түрк басма сөзү 07.09.2023

 

 «Стар» гезити «Эрдагандын Куранга болгон кол салууларга каршы чыгуусу» деген кабарында АКШ Мусулман уюмдар кеңешинин (USCMO) мүчөлөрү менен жолуккан президент Режеп Таййип Эрдогандын «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен Куранга кол салууларга уруксат берилгенин кабыл албайбыз деп ар жолу айтып келдик. Бул ачыктан-ачык жек көрүү кылмышы жана жапайычылык»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Фидан: ЙПГ террорун мыйзамдуу күч катары көрсөтүү токтотулушу керек» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидан Сириядагы араб уруулары менен террордук уюмдардын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу: «Аймактагы арабдарды өзгөчө ЙПГ аркылуу кысымга алуу саясатына чекит коюу керек. ЙПГнын мыйзамдуу бир күч катары көрсөтүлүшүн токтотуу керек. Болбосо биз көргөн кагылышуулар мунун башталышы гана болуп саналат»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Вархели: Евробиримдик-Түркия карым-катнаштарын алдыга жылдыра алабыз» аттуу кабарында Европа Биримдигинин (ЕБ) Коңшулук жана кеңейүү комиссиясынын мүчөсү Оливер Вархели: «Анкарада жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен ЕБ-Түркия карым-катнаштарын жакшырта алабыз деп ойлойм»,-деп айтканын берген.

«Сабах» гезити «HÜRJET түрк жылдыздары менен тарыхый учууну ишче ашырды» деген кабарында жеңил чабуул, машыгуу жана патрулдук миссиялардан тышкары пилотаждык демонстрация учагы катары колдонула турган HÜRJET алгачкы учуусун Түрк жылдыздары менен аткарганын маалымдаган.

«Йенишафак» гезити «Кападокияга туристтик агым» деген кабарында Түркиянын эң маанилүү маданий жана туризм борборлорунун бири болгон Кападокия аймагындагы музей жана урандыларды 2023-жылдын 8 айында 3 миллион 53 миң 827 жергиликтүү жана чет элдик турист кыдырганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар