Түрк басма сөзү 10.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2022713
Түрк басма сөзү 10.08.2023

«Йени шафак» гезити «Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында Африкага басым жасалды» аттуу маалыматында Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Африкадагы окуялардын кылдат байкалып жатканы жана континенттин көйгөйлөрүнө эң ылайыктуу чечимдерди континенттин ээлери гана таба ала турганы белгиленгени жазылган.

«Стар» гезити «Коркуу жана дүрбөлөң: Алар түрктөрдөн артта калышат» аттуу макаласында Түркиянын коргонуусу тууралуу таң калыштуу билдирүүлөрү менен күн тартибине келген грек диктор Яннис Теодоратостун Европа үчүн коркунучту коркуу жана дүрбөлөңгө түшүү  менен экрандарга алып чыкканын маалымдаган. Грекиялык диктор түрк коргонуу тармагындагы ийгиликтүү жылыштарга көңүлдөрдү буруп: «Эгер Париж тең салмактуулукту көзөмөлдөй албаса, Европанын курал өнөр жайы 2025-жылдын аягына чейин түрктөрдүн артына калат»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Абдулхамид Хан кемесине жаңы миссия» аттуу кабарында флотко кошулгандан туура бир жыл өткөндөн кийин, Абдүлхамид Хан бургулоочу кемеси Жер Ортолук деңиздеги жаңы миссиясына жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​«Абдүлхамит Хан» бургулоочу кеме жаңы миссиясын баштаганын жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «OECDден Евразия туннелине «эколог» сыйлыгы» деген макаласында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун : «Бул сыйлык биздин долбоордун экологиялык аң-сезимди жана келечек муундарга калтырыла турган бекем инфраструктураны өкүлдүк кылуусунун көрсөткүчү»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Ачык сууда сүзүүчү Айсу Түркоглу тарыхта калды» деген кабарында Бодрумдан келген 22 жаштагы ачык сууда сүзүүчү Айсу Түркоглу Ла-Манш каналынан кийин Түндүк каналды кесип өтүп тарыхта калганын жазган. Түркоглу Түндүк каналды кесип өткөн биринчи түрк аял жана жаш түрк спортчусу болду.



Тектеш кабарлар