Түрк басма сөзү 26.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2016077
Түрк басма сөзү 26.07.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан жаңы конституциялык билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын жарандык, либертарлык жана камтыган конституцияга муктаж экенин баса белгилегенин жазган. Эрдоган жаңы мыйзам чыгаруу жылында жаңы конституциянын үстүндө иштөөгө артыкчылык бере тургандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Көз карандысыз Палестина түзүлүшү керек» деген кабарында президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббасты кабыл алганын маалымдаган. Эрдоган 1967-жылдагы чек араларда Бириккен Улуттар Уюмунун параметрлеринин негизинде борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүнүн бүткүл аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн шарт экенин белгиледи.

«Сабах» гезити «Израиль басма сөзүндө таң калыштуу бир анализ» аттуу макаласында президент Эрдогандын негизги ролу Израиль басма сөзүндө да күн тартибинде экенин белгилеген. Түркиянын тышкы саясатына көңүл бурган «Гаарец» гезити кардиостимулятордун салынышынан улам Түркияга сапары кийинкиге жылдырылган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун «суктанчу лидер» менен жолугарын белгилеген.

«Йени Шафак» гезити «Эрдогандын сөздөрү грек медиасынын күн тартибине айланды» деген кабарында Греция өрт кырсыгы менен күрөшүп жатканда Түркиянын өрт өчүрүүчү учагынын жардамдары жана президент Эрдогандын «Грецияга жардам берүү үчүн колдон келген жардамды кылууга даярбыз» деген сөздөрү грек гезиттеринин башкы темаларына айланганын маалымдаган. «CNN Greece» Эрдогандын грек элине билдирүү жөнөткөнүн жазды. «News Beast» гезити да Эрдогандын сөздөрүнүн тилектештикке чакырганын белгилеген.

«Стар» гезити «Түркиянын Сауд Арабияга учкучсуз учуучу аппараттарды сатуусу АКШ менен Кытайга катуу таасир этти» аттуу маалыматында Түркиянын Сауд Арабияга куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды (КУУA) сатуусу менен геосаясий натыйжаларды берген актерго айланганын белгилеген эксперттер, бул абалдын Түркиянын НАТО союзундагы салмагын арттыра турганын баса белгилешкенин жазган. Эксперттер: «Түркия Сауд Арабияга КУУA сатуу менен булуңда Кытайды тең салмактай ала турган НАТО өлкөсү болуп калды»,-дешти.



Тектеш кабарлар