Түрк басма сөзү 17.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2012191
Түрк басма сөзү 17.07.2023

«Стар» гезити «Түркиянын ийгилигине көңүл бурушту» аттуу маалыматында Эгейде деңиз флотунун бар экенине көңүл бурган грек гезити түрк коргонуу өнөр жайы өнүккөн сайын өздөрүн өнүктүрүш керек экенине көңүл буруп: «Түркия капитансыз чабуул кайыктарынын массалык түрдө өндүрүлүшүнө байланыштуу шарттарды кайрадан жаратууда»,-деп өз баасын бергенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Косово Байрактар ​​TB2 алды» аттуу кабарында Косовонун премьер-министри Альбин Курти Түркиядан сатып алынган Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын өлкөгө келгенин билдиргенин маалымдаган. Курти социалдык медиа эсебинен Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын сүрөтүн жарыялап: «Косово эми дагы коопсуз»,-деп бөлүштү.

«Хабер түрк» гезити «Круиздик туризмде рекорд» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу: «2023-жылдын январь-июнь 6 айлык мезгилинде портторубузга келген круиздик кемелердин саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 32,5 пайызга өсүү менен 420 болду. жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 88,8 пайызды түзүп, 482 миң 925 жүргүнчүгө өстү»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенисафак» гезити «Орусияга экспорт» аттуу кабарында Түркия Орусияга эң көп экспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунга көтөрүлгөнүн маалымдаган. АКШ жана Европа санкция киргизген Орусиядагы базар боштугун мүмкүнчүлүккө айландырган Түркиянын үстүбүздөгү жылдын алты айында Орусияга экспорту 88,6 пайызга өсүп, 2 миллиард 574 миллион доллардан 4 миллиард 854 миллион долларга жетти.

«Хүррийет» гезити «Математика жана биология олимпиадаларында 10 медаль» аттуу кабарында Японияда өткөрүлгөн Эл аралык математика олимпиадасында түрк окуучулар 1 алтын жана 5 күмүш; Ошондой эле Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн Эл аралык биология олимпиадасында 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар