Түрк басма сөзү 5.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2007729
Түрк басма сөзү 5.07.2023

«Ватан» гезити «Эрдагандын орчундуу сүйлөшүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Анда эки тараптуу карым-катнаштар, Швециянын НАТОго мүчө болуу процесси, Европада Куранга каршы провокациялык аракеттер, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

«Стар» гезити «Европада исламга каршы чабуулдар эпидемияга айланды» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Исламга каршы кол салуулардын Европада дээрлик эпидемияга айланганын белгилегенин маалымдаган. Фидан: «Миллиарддаган адамдардын ыйык китеби болгон Куранды өрттөп, сөз эркиндигине жамынып бул акцияга уруксат берүү миллиарддаган адамдарга ачык акаарат болуп саналат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигинин Түркия билдирүүсү» деген кабарында Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархейдин ЕБ учурдагы кыйынчылыктарга карабастан Түркия менен стратегиялык карым-катнаштарды курууну улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп: «Орток бакубаттуулугубуз жана ырааттуулугубуз үчүн бири-бирибизге муктажбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Катонун алты мунай деңизи» деген макаласында жикчил террордук уюм ПККдан тазаланган Шырнактын Като тоосундагы мунай запастарынын Жуди жана Габарга караганда көбүрөөк экени болжолдонгонун жазган. Бул маалыматты Түрк мунай корпорациясынын (TPAO) аймактык директору Огуз Шахин: «Като тоосунун алты мунай деңизи»,-деп атады.

«Йени Шафак» гезити «Испандар Арда Гүлер жөнүндө айтып жатышат» деген кабарында Испаниянын Реал Мадрид клубу Фенербахченин жаш футболчусу Арда Гүлерди трансферге көндүргөнүн маалымдаган. Реал Мадриддин 18 жаштагы түрк футболчусун Барселонадан тартып алышы Испания басма сөзүнүн күн тартибине айланды.



Тектеш кабарлар