Түрк басма сөзү 8.06.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1996957
Түрк басма сөзү 8.06.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Путин менен Зеленскийди урап калган дамбаны иликтөөгө чакырды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүлөрдө Эрдоган Украинадагы Каховка суу сактагычындагы жарылуу боюнча ар тараптуу иликтөөнүн эч кандай шектенүүгө орун калтырбай тургандай жүргүзүлүшүнүн маанилүү экенин белгиледи.

«Стар» гезити «Орусия: Эрдогандын билдирүүлөрүнө көңүл бурабыз» деген кабарында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарованын Түркия менен болгон карым-катнаштарда президент Режеп Таййип Эрдогандын эки тарапка тең пайдалуу көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниети тууралуу билдирүүлөрүнө басым жасагандарын айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Швециянын «у» бурулушу» деген макаласында НАТОго мүчө болууну каалаган Швецияда жаңы антитеррор мыйзамынын 1-июнда күчүнө кириши менен Жогорку Сот 35 жаштагы ПКК террористинин экстрадицияланышына жашыл жарык бергенин маалымдаган. Келээрки айдагы НАТО саммитине чейин Түркиянын макулдугун күткөн Стокгольм администрациясы экстрадиция үчүн акыркы сөздү айтат.

«Хүррийет» гезити «Түркияда мунай өндүрүүдө 32 жылдын туу чокусу көрүндү» аттуу маалыматында Түркиядагы акыркы мунай табылгалары менен акыркы 32 жылдын эң жогорку жергиликтүү күнүмдүк өндүрүш деңгээлине жетишилгенин жазган. Күнүмдүк мунай өндүрүү 70 миң 76 баррелге жетти. Жылдын аягына чейин өндүрүштү 90 миң баррелге жеткирүү милдети турат.

«Йени Шафак» гезити «Түрк дүйнөсү Кастамонуда жолугушат» аттуу кабарында Түрк дүйнөсү күндөрү Кастамону шаарында 9-11-июнь күндөрү шыктануу менен белгилене турганын маалымдаган. Салттуу түрк дүйнөсүнүн күндөрүндө 23 башка өлкөдөн көптөгөн өнөрпоздун концерттери, ата-бабалар мурасына таандык иш-чаралар, бий көрсөтүүлөрү жана визуалдык шоулар орун алат.



Тектеш кабарлар