Түрк басма сөзү 4.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1982511
Түрк басма сөзү 4.05.2023

«Йенишафак» гезити «Зигана мындан ары өтүүгө мүмкүн эместиктен чыкты» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Трабзондогу Жаңы Зигана туннелинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүнө орун бергенин жазган. Эрдоган туннелдин дүйнөнүн эң узун үчүнчү, Европа менен Түркиянын эң узун кош түтүк жол туннели катары курулганын белгилеп, «Бул туннель менен биз Кара деңизди чыгыш менен Түштүк-Чыгыш Анадолуга, ал жерден Иран жана Жакынкы Чыгышка, тактап айтканда тарыхый Жибек жолуна туташтырабыз. Зигана тоосун өтүүгө мүмкүн эместиктен чыгарган бул туннель аймагыбыздын ар бир тармакта өнүгүү символдорунун бири болот»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган ата мекендик тик учагын «Нефес» деп атады» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Токой чарба башкы директорлугунун инвентаризациясына кирген ата мекендик жана улуттук Т70 тик учагын «Нефес», чалгындоо учагын «Отаг» деп атаганын маалымдаган.

«Хабертүрк» гезити «Чавушоглудан төрттүк жыйын билдирүүсү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орусия, Иран жана Сирия менен тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жолугушуу 10-майда Москвада болушу мүмкүн экенин айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Венгриялык министрден TOGGга толук баа» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан TOGG унаасы менен кыска сапарга чыгышканын жазган. Варанк «TOGGга жүз балл берди» деген Сийярто: «Түркия мындан ары бир гана эл аралык автомобиль өнөр жайынын маанилүү бир жери эмес, ошондой эле унаасын чыгаруу чекитинде да»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия фындык экспортунан 1,3 миллиард доллардан ашык киреше тапты» деген кабарында Түркия 2022-2023 фындык экспорттоо сезонунун 8 айлык мезгилинде 1,3 миллиард доллардан ашык киреше тапканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар