Түрк басма сөзү 20.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1977412
Түрк басма сөзү 20.04.2023

«Ватан» гезити «Эрдогандын сөзү Грецияда жаңырды: Түркия өзөктүк державага айланууда» аттуу маалыматында Грециянын эң чоң гезиттеринин бири болгон Kathimerini, президент Режеп Таййип Эрдогандын «Түркия дүйнөнүн эң маанилүү ядролук державаларынын бири болот. Түркия кылымы бир эле убакта энергетика кылымы да болот»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Акардан Украина министрине TOGG ишараты» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кайсериге болгон сапарында Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраковго Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук электр унаасы TOGGду бөлгөнүн маалымдаган.

«Йенишафак» гезити «Биотехнологиялык рак изилдөөлөрү жүргүзүлөт» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Кожаелинин Гебзе районундагы TÜBİTAK вакцина жана дарыларды өнүктүрүү кампусунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Биотехнологиялык дарылар жана вакциналар, рак изилдөөлөрү (кампуста), эксперименталдык жаныбарлар менен тесттер жүргүзүлөт»,-деп айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Караисмаилоглу: Стамбул аэропортторундагы жүргүнчүлөрдүн саны 38 пайызга өстү» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу: «Стамбул аэропортторундагы жүргүнчүлөрдүн саны 38% өстү! Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында Стамбул аэропорту 16,5 миллион жүргүнчүнү, «Сабиха Гөкчен» аэропорту 7,9 миллион жүргүнчүнү кабыл алды»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Стамбул Европада эң көп оюн келишими болгон экинчи шаар болду» аттуу кабарында 2022-жылы Түркияда 23 оюн фирмасына жалпысынан 424,7 миллион доллар инвестиция салынганын маалымдаган. Стамбул Лондондон кийин Европада эң көп оюн келишими болгон экинчи шаар болду. Ал дүйнө жүзү боюнча 5-орунда турат.



Тектеш кабарлар