Түрк басма сөзү 19.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1976751
Түрк басма сөзү 19.04.2023

«Сабах» гезити «Электровоз рельске түшүрүлдү» аттуу кабарында Түркиянын ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштеп чыккан E5000 тибиндеги электровозу кечээ Эскишехирде президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан массалык ачылыш аземинде рельске түшүрүлгөнүн билдирген.

«Стар» гезити «Акар: Түрк куралдуу күчтөрү террористтердин чебине кирип барды» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында террористтер чеп катары колдонгон жана эч ким кире албайт деп эсептелген Чемчө аттуу үңкүргө кирилип, көп сандаган курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнүн билдиргенин жазган.

«Ватан» гезити «Кара деңиз газы кургакта күйө баштады» аттуу кабарында Кара деңиздеги Сакария газ кенинде табылган Кара деңиз газынын 170 километрдик деңиз аралыгынан кургактыкка жеткенин билдирген. Биринчи сыноо үчүн күйүү процесстери башталды.

«Хүрриет» гезити «Министр Дөңмез: 694 миллион тонналык сейрек кездешүүчү элементтерди таптык» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез кечээ Эскишехирдеги массалык ачылыш аземинде билдирүү жасаганын жазган. Министр Дөнмез өз сөзүндө: «Сейрек кездешүүчү элементтер объектисин улуттун кызматына тартуулайбыз. 694 миллион тонналык сейрек кездешүүчү элементти таптык»,-деди.

«Йени шафак» гезити «TCG Анадолу кемесине эл агылып барды» аттуу кабарында Түркиянын эң чоң аскердик кемеси TCG Anadoluнун мурунку күндөн тарта көргүсү келгендерге ачылганын билдирген. TCG Анадолуга болгон кызыгуу кечээ да уланды. Кемени көрүүгө келгендер Стамбулдун Сарайбурну жээгинде метрлеген кезек түзүштү.



Тектеш кабарлар