Түрк басма сөзү 30.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1967221
Түрк басма сөзү 30.03.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу: «Биз күткөн нерселер бар, алар аткарылмайынча мүчөлүк болбойт»,-деп кесе айтканын баяндаган. Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протоколго кол койгон Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.

«Ватан» гезити «Танап жаратылыш газы Венгрияга» аттуу кабарында президент Эрдогандын Транс-Анадолу жаратылыш газ кууру жана ТАНАПтан Венгрияга жаратылыш газынын берилиши үчүн Азербайжан менен бирге ар түрдүү колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиргенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Германияда Togg үчүн таң калуу» аттуу кабарында Түркиянын Togg  T10X үлгүсүндөгү унаасына буюртма берүү укугуна ээ болгон 20 миң негизги жана 20 миң запастык жеңүүчүнүн тизмеси жарыяланганын маалымдаган. T10X үлгүсү 2023-жылы 20 миң бактылуу адамга жеткирилет. Башка жагынан алганда, Togg немис басма сөзүндө кеңири орун алды. Германиянын FAZ гезити «Түрк Тесласы Togg унаасына суроо-талап жогору» деп жазды.

«Сабах» гезити «Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн турак жайлары тездик менен тургузулууда» деген маалыматында «кылымдын апаатында» талкаланган же катуу зыян тарткан үйлөр өтө ылдамдыкта кайра курулуп жатканын маалымдаган. Газиантептин Нурдагы районунун 7 айылында Айлана чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министрлигинин координациясында курулган үйлөрдүн бүтүшүнө саналуу күндөр калды.

«Йени Шафак» гезити «Дүйнөлүк сооданын жаңы жолу» деген темадагы кабарында Түркия менен Ирактын ортосунда өткөн жумада кол коюлган «Анкара декларациясында» катталган Өнүгүү жолу (кургак канал) дүйнөлүк соода жолунда жаңы альтернатива болоорун белгилеген. Жаңы каттам Индия океанынан Перс булуңуна деңиз аркылуу келген жүктөрдү Түркия аркылуу Жер Ортолук деңизине жеткирет.



Тектеш кабарлар