Түрк басма сөзү 15.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1906558
Түрк басма сөзү 15.11.2022

«Сабах» гезити «Таксимдеги жардыргыч биринчи суракта баарын мойнуна алды» аттуу маалыматында Истиклал көчөсүндө жардыруу жасаган террорист 1999-жылы туулган сириялык Ахлам Альбашир экени аныкталганын жазган. Террорчу сурак учурунда ПКК/ПЙДнын Сириядагы атайын чалгын кызматкери катары даярдыктан өтүп, Түркияга жөнөтүлгөнүн мойнуна алды.

«Хүррийет» гезити «Эгер биз аларды кармабасак, аларды Грецияга алып кетмек»аттуу кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Истиклал көчөсүндөгү террордук кол салууга байланыштуу : «Террористтер кармалды. Биз аларды кармабаганыбызда Грецияга контрабандалык жол менен кирип кетишмек. Кантип жана кандай координацияланганын билген, кайдан кыймылын баштаганын билген террордук түзүлүшкө туш болдук. Ал жерде ПЙДны ким азыктандырса, ПККга ким ички чалгындоону берүүгө аракет кылса, ошол кылмышкер»,-деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Чавушоглу: Террорчулар жана аларды колдогондор жооп беришет» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн барган Индонезияда Стамбулдагы кол салууга байланыштуу: «Кылмышкерлер, террористтер жана террористтердин артында тургандар жооп беришет»,- деп айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулдагы жардыруу үчүн дүйнөдөн көңүл айтуу билдирүүлөрү» деген кабарында Стамбулда 6 киши каза болуп, 81 киши жараланган бомбалуу кол салуудан кийин көптөгөн өлкөнүн лидерлери жана тышкы иштер министрлери, Европа Биримдиги, НАТО, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көңүл айтуу жана айыптоо билдирүүлөрүн таратканын жазган.

«Стар» гезити «10 айда рекорддук 17,9 миллиард доллар» деген кабарында Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын 10 айында 17 миллиард 873 миллион долларлык экспорт менен январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортуна жетишкени н маалымдаган.



Тектеш кабарлар