Түрк басма сөзү 21.07.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1857645
Түрк басма сөзү 21.07.2022

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган: АКШ азыр Евфраттын чыгышынан чыгышы керек» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирандан кайтып келе жатканда: «Америка Кошмо Штаттары азыр Евфрат дарыясынын чыгышынан чыгышы керек. Бул Астана процессинен чыккан тыянак. Себеби Америка ал жактагы террордук уюмдарды багып жатат»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Орус басма сөзүндө тарыхый саммит» аттуу маалыматында Ирандын борбор шаары Тегеранда Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда өткөрүлгөн Астана форматындагы 7-Үч тараптуу саммитке орус медиасында кеңири орун берилгенин маалымдаган. «Известия» гезитиндеги кабарда «2017-жылы Сириядагы абалды нормалдаштыруу үчүн түзүлгөн бул платформа Орусия, Иран жана Түркияны бириктирүүдө» деген туюнтмалар колдонулган.

«Сабах» гезити «Фуат Октайдан Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүсү: Биздин кеме «Абдулхамид Хан» сүзүп келе жатат» аттуу кабарында вице-президент Фуат Октайдын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн эң өнүккөн бургулоочу кемелеринин бири болгон «Абдулхамид Хан» бургулоочу кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги нөөмөтүнүн август айында башталарын айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулда ата мекендик унаа көргөзмөгө коюлду» деген маалыматында TOGG Стамбулдагы CES 2022 керектөөчүнүн электроникасы жарманкесинде тааныштырган концепция унаасын көрсөткөнүн маалымдаган. Зорлу борборунда коомчулукка тартууланган унаа январь айында CES жарманкесинде тааныштырылып, TOGGдун көз карашын дүйнө коомчулугуна жарыялаган.

«Хүррийет» гезити «Керектөөчүлөрдүн ишеним индекси өстү» аттуу кабарында Түркия Статистика мекемеси жана Түркия Республикасынын Борбордук банкы менен биргеликте жүргүзүлгөн керектөөчү тенденция изилдөөсүнүн жыйынтыктарынан эсептелген сезондук жактан тазаланган Керектөөчү ишеним индекси июль айында өткөн айга салыштырмалуу 7,4 пайызга өсүп, июнь айында 63,4 болгон индекс июль айында 68,0 болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар