Түрк басма сөзү 26.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1832908
Түрк басма сөзү 26.05.2022

«Стар» гезити «Калын: Конкреттүү кадамдар ташталбаса, процесс илгерилебейт» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Финляндия жана Швеция делегациялары менен болгон жолугушууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасап: «Түркиянын коопсуздук тынчсыздануулары белгилүү бир убакытта конкреттүү кадамдар менен чечилмейинче процесстин илгерилебей турганын абдан ачык айттык»,-деп билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити «Израилге элчи дайындалабы?» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «15 жылдан кийин Израилге жасаган расмий сапарынан кийин (Израиль тышкы иштер министри Яир) Лапиддин Түркияга болгон сапары учурунда Израилге эки тараптуу элчилерди дайындоо маселесин карап чыгууну чечтик»,- деп айтканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Варанк: Европада 1-орундабыз» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Түркия болот өндүрүүчүлөр коомунун кезектеги жалпы жыйынында сөз сүйлөп, «Түркия бүгүнкү күндө 40 миллион тонна болот өндүрүшү менен Европада биринчи, дүйнөдө 7-орунда турат»,-дегенин берген.

«Йенишафак» гезити «Европалыктар Түркиядан шыпаа издеп жатышат» деген кабарында Түркия саламаттыкты сактоо туризминде маанилүү базага айланганын белгилеген. Өткөн жылы Түркияга 642 миң киши шыпаа издеп келсе, алардын 400 миңинин европалыктар экени көңүл бурган. Түркия өткөн жылы саламаттык сактоо туризминен 1 миллиард доллардан ашык киреше тапты.

«Ватан» гезити «Түркияда маймыл чечек вирусу барбы?» деген теманы койгон кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын Түркияда маймыл чечек оорусуна чалдыккан учур катталбаганын айтканын баяндаган. Кожа: «Керексиз тынчсыздануу болбошу керек, оорунун бир пандемияга себеп болоруна ишенбейм»,-деди.



Тектеш кабарлар