Түрк басма сөзү 25.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1832272
Түрк басма сөзү 25.05.2022

«Стар» гезити «Эрдоган: Түркия эч бир эзилгенге далысын бурган жок» аттуу маалыматында Президенттик комплексте өткөн Жогорку Даанышмандык кеңешинин жыйынында президент Режеп Таййип Эрдогандын  Түркиянын тарых бою болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да чек арасына таянган, жеринде кандайдыр бир жол менен баш калкалаган эч бир эзилген же жабыр тарткан адамга далысын бурбасын айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Үйлөрүнө кайткан сириялыктардын саны 500 миңден ашты» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия Сириянын түндүгүндө коопсуз абалга келтирген аймактарга кайтып келгендердин саны 500 миңден ашканын айтканын маалымдаган. Эрдоган бул аймактарда эл аралык каржылоо менен курула турган жаңы конуштар менен дагы көп сириялыктын үйлөрүнө кайтуусун камсыздай тургандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Операцияга даярдыктар бүттү» деген кабарында Сириянын түндүгүндө «коопсуз аймакты» түзүү үчүн 2016-жылдан бери 4 чоң операция уюштурган Түркиянын бешинчи операция үчүн даярдыктарын аяктаганын жазган. Президент Режеп Таййип Эрдоган ишаратын берген жаңы операциянын ыктымал буталары жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусунда болгон Тел Рифат, Айн-Эл Арап, Айн Иса жана Манбиж болот.

«Хабер түрк» гезити  «Столтенберг: Түркия бардык союздаштары үчүн маанилүү өлкө» аттуу кабырында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын географиялык жана стратегиялык жактан чечүүчү өлкө жана бардык союздаш өлкөлөр үчүн маанилүү өлкө экенин баса белгилеп: «Террордук кол салуулардан эң көп жапа чеккен өлкө Түркия. НАТОдогу башка союздаш өлкөлөргө караганда алда канча көп» дегенин берген.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: Палестинанын жанында болууну улантабыз» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Палестинага колдоо көрсөтүүнүн Түркиянын приоритети болоорун билдиргенин жазган. Түркиянын Палестина доосун эң көп коргогон өлкө экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Палестиналык бир туугандарыбыздын көз карандысыз жана эгемен мамлекет үчүн күрөшүндө жанында болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар