Түрк басма сөзү 14.04.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1812255
Түрк басма сөзү 14.04.2022

«Стар» гезити «Эрдоган: Мехметчик менен сыймыктанабыз» аттуу маалыматында Хаккаринин Йүксекова базасында аскерлер менен ифтар өткөргөн президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн чек араларыбызды коргоо милдетинен тышкары көптөгөн түрдүү жана чындап кыйынчылык туудурган аймактардагы операциялары, глобалдык ыпылас сценарийлерде өлкөбүздү дээрлик кол тийбестикке айландырууда»,-деп айтканын баяндаган. Эрдоган Сириядан Ливияга, Ирактан Карабахка, Жер Ортолук деңизден Эгейге чейин көптөгөн жерде дастан жазган түрк аскерлеринин жетишкендиктери менен сыймыктанышкандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Калындан «жаңы кансыз согуш» эскертүүсү» аттуу маалыматында президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Украина кризисинин тереңдегенин жана жаңы кансыз согуш мезгилинин киргенин айтканын маалымдаган. Калын бул процессте «Түркия тең салмактуу позициясын сактайт» деген билдирүү жасады.

«Йени Шафак» гезити «Тынчтык үчүн эң көп аракет кылган өлкө Түркия» аттуу кабарында Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо Украинадагы согушта тынчтык үчүн эң көп аракет кылган өлкөнүн Түркия экенин айтканын маалымдаган. Майо: «Биз ок атышууну токтотууга чейин тынчтык конференциясын өткөрүшүбүз керек. Тынчтык үчүн эң көп аракет кылган жана эки тарап менен тең сүйлөшө алган өлкө Түркия»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чет элдиктер Түркияда 10 жылда 280 миңден ашык үй сатып алышты» деген кабарында Түркияда сатылган турак жайларда чет элдиктердин үлүшү 2012-жылдан бери артып баратса, акыркы 10 жылда чет элдиктерге сатылган турак жайлардын жалпы саны 287 миң 704 болгонун маалымдаган. Акыркы 4 жылда 20 миңге жакын чет элдик кыймылсыз мүлк сатып алып түрк жарандыгын алды.

«Ватан» гезити «Инсулин ата мекендик өндүрүштө өндүрүлөт» аттуу маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа  социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Инсулин Түркияда чыгарылат. Өнөкөт оору болгон кант диабетинде өтө маанилүү болгон инсулиндин ата мекендик өндүрүшү үчүн чара көрдүк. Түркиянын Дары-дармек жана медициналык аппараттар агенттиги компанияларга чакыруу жасады. Биздин өзүбүздүн Ковид-19 вакцинабыз өндүрүлгөндөн кийин, инсулинди ата мекендик өндүрүштө өндүрүүгө убакыт келди»,дегенин берген.

 



Тектеш кабарлар