Түрк басма сөзү 07.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1716125
Түрк басма сөзү 07.10.2021

«Йени шафак» гезити «MIT Ирактын түндүгүндө Даглыжа кол салуусуна катышкан террористти таасирсиз кылды» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) 2012 -жылы Хаккаринин Даглыжа районунда 8 аскер шейит болгон кол салууга катышкандардын арасында болгон жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү Өзжан Йылдызды Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында операция менен таасирсиз кылганын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөлүк банктан Түркиянын өсүү божомолу» деген маалыматында Дүйнөлүк банк Түркия экономикасы үчүн 2021 -жылдагы күтүүлөрүн 3,5 баллга жогорулатып 5 пайыздан 8,5 пайызга чейин кайра карап чыкканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту дүйнөдөгү эң мыктылардын арасында экинчи орунда турат» деген кабарында дүйнөнүн эң мыкты аэропортторунун бири болгон жана жүргүнчүлөргө өзгөчө саякат тажрыйбасын сунуштаган Стамбул аэропортунун жетишкендиктери дагы бир сыйлык менен сыйланганын жазган. Нью-Йоркто жана Лондондо жайгашкан дүйнөгө белгилүү Condé Nast Traveler журналынын окурмандары сурамжылоодо Стамбул аэропортун дүйнөнүн эң мыкты аэропортторунун тизмесинде экинчиси катары тандашты.

«Хабер түрк» гезити «Казына жана каржы министри Элван OECD жыйынында француз кесиптеши Ле Мэйер менен жолугушту» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Лүтфи Элван кечээ борбор шаар Парижде OECDнин Министрлер Кеңешинин жыйынынын алкагында Франциянын экономика жана каржы министри Бруно Ле Майер менен жолугушканын кабарлаган. Элван өзүнүн Твиттер эсебиндеги билдирүүсүндө эл аралык салык күн тартибин, климаттын өзгөрүшүнө каршы саясатты жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн Ле Мэйр менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөнүн билдирди.

«Стар» гезити «Явуз бургулоо кемеси иш-аракетке өттү» деген кабарында «Явуз» бургулоочу кемеси мунара устундары чечилген соң мунай жана жаратылыш газын чалгындоого катышуу үчүн Босфор аркылуу Кара деңизге багыт алганын баяндаган.

 



Тектеш кабарлар