Түрк басма сөзү 02.07.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1668597
Түрк басма сөзү 02.07.2021

 

«Йени шафак» гезити «Эрдоган аялдардын укуктары боюнча чечкиндүү билдирүү жасады» аттуу маалыматында Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышы тууралуу президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүбүз ушул конвенциядан башталган жок, ал ушул келишим менен бүтпөйт»,дегенин баяндаган. Эрдоган: «Биз бүгүн аялдарга карата зомбулукка каршы жана аялдардын адамдык укуктарын колдонуусун камсыздоого карай күрөшкөндөй эле, эртең жана келечекте ошол эле күрөштү улантабыз»,-деди.

 «Хүррийет» гезити «Чавушоглу: Кипр түрк элин азчылык деп эсептеген менталитетти чечтке кагабыз» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кипр Рум Башкаруучулугунун Кипр түрктөрүн бирдей коом эмес, азчылык деп эсептеген мамилени кабыл алгандыгын белгилеп: «Азыр биз Кипр түрк элин азчылык деп эсептеген бул менталитетти четке кагып жатабыз»,-деп айтканын баяндаган. Чавушоглу: «Биз эми Кипрдин Рум тарабы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мөөнөтү аяктаган резолюцияларынын артына жашынып, туюк жолду чечүү жолу катары сунуштап жаткандыгын мындан ары кабыл албайбыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Алтун: Чындыкты ар бир мүмкүнчүлүктө айтабыз» деген кабарында Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун 24-апрелде Лос-Анжелесте жана Стамбулда бир эле мезгилде өткөрүлгөн «Шейит дипломаттардын көргөзмөсүнүн» ачылышында сүйлөгөн сөзү YouTube тарабынан алынып салынганын жазган. Бул чечимге катуу жооп кайтарган Алтун: «Кааласаңыз да, каалабасаңыз да, биз терроризмдин тили, дини жана расасы жок деп ар бир мүмкүнчүлүктө айтабыз. Бизге ар бир тармакта болгондой эле медиа жана байланыш жаатында да атамекендик жана улуттук платформалар керек экендигин дагы бир жолу көрдүк. Жашасын Чындык!»-деди.

«Стар» гезити «Германиянын Түркия чечими» аттуу маалыматында Германия жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын кесепетинен кооптуу деп жарыялаган Түркияны кошкондо 80 өлкө үчүн жалпы эл аралык саякат эскертүүлөрүн алып салганын маалымдаган.  Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас: “Оң жылыштар болгон жерде чектөөлөрдү сактоого эч кандай негиз жок»,деген сөз айкашын колдонгон.

«Сабах» гезити: «Туризм индустриясы Германиядан 2,5-3 миллион турист келет» аттуу маалыматында Германияда Түркияга болгон талаптын Испания, Италия жана Греция сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн алдыда экендигин баса белгилеген туризм адистеринүн эч кандай жагымсыз окуя болбосо, өлкөгө 2,5-3 миллион немис турист келе тургандыгын белгилешкенин маалымдаган. Германиянын Европадагы локомотив өлкөсү экендигин белгилеген туризм адистери: «Германиялыктардын Түркияга болгон талабы абдан күчтүү»,дешти.



Тектеш кабарлар